Turmush — Манас шаарынын көчөлөрүн кыштын күнү чакан тракторлор тазалайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, шаардын «Манас Тазалык» муниципиалдык ишканасына бүгүн, 12-мартта атайын 4 техника тапшырылды. Анын ачкычтарын тапшырууга облус жетекчиси Тилек Текебаев, шаар мэри Абдупата Маткаликов катышты. Мекеменин жетекчиси Байгазы Эргешов техникалар облустук өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен алынганын айтты.
«Буга чейин биздин мекемеде кыштын күнү жөө адамдар басчу жолчолорду тазалоочу атайын техника болгон эмес. Чакан тракторлор карды сүрүп тазалоого жана аны шыпырып кетүүгө ылайыкташкан. Техникалар алынганга чейин жолдорду кызматкерлер күрөк менен сүрүп тазалашч. Бул тракторлор кызматкерлердин ишин жеңилдетет. Чакан тракторлорду сатып алуу үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна долбоор менен кайрылганбыз. Алар 7 млн 100 миң сом бөлүп берди. Бул акчага 4 техника сатып алдык», - деди Эргешов.
Мындан сырткары 2025-жылы шаардык бюджеттин эсебинен ишканага жалпы 12 техника алынганын кошумчалады.
30дан ашуун атайын техникасы бар «Манас Тазалык» муниципиалдык ишканасында 178 кызматкер эмгектенет. Шаардан 1 сутка ичинде 350 тонна таштанды чыгарылат.