Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда кечээ,11-мартта «Социалдык келишим» долбоорунун 15 катышуучусуна сертификаттар тапшырылды.
Жумгал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Аида Бектурганованын айтымында, долбоору колдоо тапкан жарандардын ар бири 150 миң сомдон кайтарымсыз каржы алды. Алар мындан ары «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун албай, ишкерлик кылып кетиши керек.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан быйылкы жылга Жумгал районуна 135 квота бөлүнгөн. Учурда анын он бешинин долбоорун комиссия жактырып, сертификаттар берилди.