Turmush — Ош шаарындагы А.Кулигов, М.Жиннах көчөлөрүнүн жана Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы №2 көчөнүн аталышы өзгөрдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башкы адиси Бекмамат Суранчыев билдирди.
2026-жылдын 4-мартында Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясынын күн тартибине «Ош шаарындагы айрым географиялык объекттердин аталышытары жөнүндө» маселе коюлуп, колдоо тапкан.
- Ош шаарынын Абдулла Кулигов көчөсүнө (болжол менен Т.Касымбеков көчөсү менен Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинен «Достук» чек арасына чейин) Сооронбай Жусуевдин ысымы ыйгарылды;
Жусуев Сооронбай Жусуевич — кыргыз элинин чыгаан акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси.
- Ош шаарынын М.Жиннах көчөсүнө Токтомушев Бакир Эстебесовичтин ысымы ыйгарылды. Ал милиция кызматкери болуп эмгектенген.
- Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын Ишкаван айылынын Ак-Завод участкасынын №2 көчөсүнө Бактыяров Азизбек Бактыяровичтин ысымы ыйгарылды.
Ал 2021-жылы Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара окуясында курман болгон. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылынын 24 жаштагы тургуну Азизбек Бактыяров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда «Головнойдо» каза болгон. Ал оор жүк ташуучу унааны айдачу.
- Ош шаарынын № 7 Н.Нариманов атындагы жалпы билим берүү мектебине Масалиев Абсамат Масалиевичтин ысымы ыйгарылды.
Абсамат Масалиев (1933–2004) — Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын баатыры. Ал 1933-жылы 10-апрелде Ош облусунун (азыркы Баткен облусу) Кадамжай районундагы Алыш айылында туулган.
1985–1991-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, 1990-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече жолку депутаты болгон.
Ал 2004-жылы 31-июлда көз жумган.
- Ош шаарындагы № 68 жалпы билим берүү мектебине маркум прапорщик Исламбек уулу Бектурдун ысымы ыйгарылды.
Ал Баткен облусунда 2021-жылдагы кыргыз-тажик чек ара окуясында курман болгон. 31 жаштагы Бектур Исламбек уулунун сөөгү Ош шаарында жерге берилген.
- Ош шаарынын № 65 М.Сабиров атындагы жалпы билим берүү мектебине Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылды
Төлөгөн Касымбеков— советтик жана кыргызстандык жазуучу, Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл жазуучу, Кыргыз эл баатыры, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
-------------------------------------------------------------
Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясында «Мамлекеттик менчиктеги айрым мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө», «Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» маселелер да каралды.
Бекмамат Суранчыев кошумчалагандай, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын №2024 аскердик бөлүгүнүн түштүк тарабындагы А.Навои көчөсүн кеңейтүүгө 320 метр жалпы аянтын, 1940 чарчы метр жер тилкесин жана Г.Айтиев көчөсү тарабындагы суу мунарасынын (водозабор) 872 метр жер тилкесин Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү алууга Ош шаардык кеңеши макул болду.
Ал эми Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгынын Б.Ормонов көчөсүнүн № 20А дарегинде (иденентификациялык коду 5-11-18-1004-1366) жайгашкан жалпы аянты 2000,0 чарчы метр муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы жер тилкени Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүү маселеси, мамлекеттик номуру 02KG047AD «DONGFENG HTW5180ZYSE» таштанды ташуучу атайын техниканы, мамлекеттик номуру 06KG207AD «CHEVROLET AVEO» үлгүсүндөгү кызматтык жеңил унаа өткөрүп берүү маселесин да депутаттар колдогон.