Turmush — Бүгүн, 12-мартта Жалал-Абад облусунда аким, мэрлердин жана башка жетекчилердин катышуусунда координациялык кеңеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, жыйында ишкерлерди колдоо жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу маселелери талкууланды. Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев акимдерден, мэрлерден зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча аракеттерин сурады.
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов координациялык кеңеште көтөрүлгөн маселе боюнча баяндамасы жок келгенин, калаада иш көп экенин билдирди.
«Мен бүгүн баяндама даярдабагам. Анткени шаарда өтө көп иш болуп жатат. Шаардагы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринин да документтери жок экен. Күнүнө 200-300 адам кайрылып жатат, даттануулар көп. Жумушка жаңы эле келдим.
Мен бул жерге келип бир Афганистанга келгендей эле болуп калдым да. «Вообще», мыйзам, тартип ноль экен да. Анан мына курулган үйлөр болсо, «генералдын айтымы боюнча курдук» деп эле кура беришиптир. Башка эч нерсе жок», - деди мэр.
Дубан башчысы андан кызматка келгенине канча күн болгонун сурады. Калаа башчысы 10 күн болгонун айтты.
«10 күндөн бери сиз ушул жооптуу кызматтасыз. Бул жактан болсо «мен жаңы эле келдим» дебей, «уже» даянанып келишиңиз керек эле. Мына Манас шаарында 2024-жылга караганда оор жана өзгөчө оор кылмыштар (2025-жылы) боюнча 64кө көбөйгөн.
2024-жылы 129 болсо, 2025-жылы 193 болуп жатат. Ошондой эле мына зордуктоо боюнча, жана айтып кеткендей Манас шаарында 7ге көбүйгөн. Ошол себептен өзүңүздүн координациялык кеңешиңизди өткөрөсүзбү, ушул көрсөткүчтү азайтканга аракет кылгыла», - деди Тилек Текебаев.
Ага катар эле Абдупата Маткаликовго үйлөрдүн документтери боюнча прокуратурага кайрылуу тапшырмасын берди.
«Ошонун мыйзамдуу жагын кандай кыласыздар карап чыгыңыздар. Бардыгы мыйзам чегинде уктуктук талаага киргендей болсун», - деди Текебаев.
«Эми ошол боюнча көптөгөн жарандар келип жатат да. Документ талап кылып жатат», - деп жооп берди мэр.
«Сузактын акими кечээ келди. Бүгүн докладын окуп берип жатат. Ошол себептен мына бул акыркы жолу болсун. Кандай болсо да доклад менен келип туруңуз. Бул жакта жана өзүңүз айтып кеткендей эрежелер бар. Ошол эрежени сактап жүрүңүз», - деди дубан башчысы.