Turmush — Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы №29 Келдибай Тайчабаров атындагы орто мектептин окуучулары үйлөрдө билим алууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Тилектеш айыл аймагынын башчысы Кадырбек Мусабаевдин айтымында, бул мектеп союз мезгилинде ашар жолу менен курулган.
«Мектеп эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан окуу жүргүзүүгө кооптуу деген маалымат берилген. 2025-жылы эски мектеп бузулуп, анын ордуна 2 кабаттуу, 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган. Курулуш иштери май айында бүткөрүлөт деп пландалууда. Учурда имараттын кабаттары бүтүп, актоо-сырдоо иштери жүрүп жатат.
Айылда жаңы салынган 2 үйдүн ээлери менен сүйлөшүп, окуучуларды убактылуу ошол жакта окутууну уюштурдук. Балдар үчүн окууга бардык шарттар түзүлгөн.Мектеп бүткөнгө чейин окуучулар ошол үйлөрдө окушат. Андан кийин айыл өкмөт тарабынан бул 2 үйгө оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүп бере турган болдук», - деди ал.
Мектептин директорунун орун басары Шатман Мамарасул уулунун айтымында, бул жерде жалпы 160 окуучу билим алууда.
«Эски мектебибиз авариялык абалга келип, окууга мүмкүнчүлүк болбой калгандыктан, мектеп бузулуп, ордуна жаңы имарат курулуп жатат. Учурда үйлөрдө билим берип жатабыз. Балдарга окууга шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Жылуулук системасы каралган. Ошондой эле балдар үчүн тамактануу жай жана спорт залы бар», - деди ал.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Дамирбек Калыкбердиевдин айтымында, жаңы мектептин курулушу 2026- жылы толугу менен аяктап, пайдаланууга берилет.
Тогуз-Булак айылындагы 315 түтүндө 2357 адам жашайт.