Turmush — Жарандар үй шартында же элдик медициналык ыкма менен дарылангандын кесепетинен бөйрөк оорулары көбөйдү. Бул тууралуу Манас шаарында Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнүн утурлай уюштурулган иш-чарада айтылды.
Иш-чарада белгилүү болгондой, илдет акыркы мезгилде жаштар арасында көп катталып жатат. Анын негизги факторлорун Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын нефрология бөлүмүнүн башчысы Еленора Бапиева түшүндүрүп берди.
«Акыркы учурда өлкөдө, анын ичинде дубанда бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандардын саны өсүп жатат. Ушул тапта биздин каттоодо турган 417 киши гемодиализге байланган. Эң өкүнүчтүүсү оору акыркы мезгилде жаштар арасында өзгөчө күч алып жатат. Анын негизги себеби тамак-аш режиминин жана нерв системасынын бузулгандыгы. Тактап айтканда, жаштар алкоголдук, энергетикалык суусундуктарды көп ичип жатат. Ошондой эле кыймылсыз жашоо образы, туура эмес тамактуу жана айрым жарандар наркотикалык каражаттарды колдонуусу таасирин тийгизет. Мындан улам жаран өз саламаттыгына тыкыр көз салып, бир жылда эки жолу жалпы анализ тапшырып туруусу абзел», - дейт дарыгер.
Мындан сырткары ал ушул тапта облус аймагында боорун же бөйрөгүн алмаштырып, операция жасатып келген 134 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
- Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү жыл сайын март айынын экинчи бейшембисинде белгиленип, бөйрөк ооруларынын алдын алуу, эрте аныктоо жана ден соолукту сактоо маселелерине көңүл бурат.