Turmush — Ош технологиялык университетинде «Кытай стилиндеги таланттар» аттуу чоң маданий сынак өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, иш-чаранын негизги максаты студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана кытай маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Саамалыкты университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, жаш таланттарга колдоо көрсөтүштү.
Сынакка Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай институтунан, Эл аралык билим берүү колледжинен, ошондой эле «Билим» лицейинен келген катышуучулар менен бирге жалпысынан 25 адам катышты. Анын алкагында катышуучулар кытай тилинде ырларды аткарып, улуттук бийлерди көрсөтүштү.
Ошондой эле кытай маданиятынын өзгөчө бөлүгү болгон ушу өнөрү жана чай куюу маданияты да көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө кызыктуу маданий программа тартууланды. Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.