Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 25 адам эвуакацияланды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, окуя 2026-жылдын 11-мартында түн ортосунда болгон.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын 11-март күнү саат 01:25те Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Токмок шаарынын 3-кичи районундагы 26-үйдөгү батирден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо №24 өрт-куткаруу бөлүмүнүн экипажы барышкан. Куткаруучулар батирдин бир бөлмөсү күйүп жатканын аныкташкан. Өрттү өчүрүү учурунда эс-учун жоготкон аял батирден чыгарылып, куткарылды. Дагы бир тургунга алгачкы жардам көрсөтүлдү.
Өрт саат 02:44тө чектөөгө алынып, саат 03:17де толугу менен өчүрүлүп, болжол менен 15 чарчы метр турак жай жана үй буюмдары күйгөн.
Имараттан жалпы 25 адам эвакуацияланып, экөө куткарылды. Жабыркагандар тез жардам бригадасына өткөрүлүп берилди.
«Саат 9:00гө карата куткарылгандардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатса, экинчиси дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган», - деп айтылат маалыматта.