Turmush — Кадамжай районунда жазгы багбанчылык иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда айрым аймактарда мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн кыркуу жана кыйыштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жергиликтүү багбан Санатбек Алижановдун айтымында, көчөттөргө кам көрүү иштери 20-февралдан тарта башталган.
«Азыркы учурда Кадамжай районунун Көк-Талаа аймагында көчөт кыркуу жана кыйыштыруу иштерин жүргүзүп жатабыз. 20-февралда башталган бул иштер гилас көчөттөрү жалбырак чыгарганга чейин уланат. Көчөттөр отургузулгандан кийин 5–6 жыл бою кыркылып, андан кийин токтотсо болот. Учурда көчөттөрдүн көлөмүнө жараша ар бирин 100-150 сомдон кыркып жатабыз. Ал эми кыйыштыруу иши 30 сомдон жүргүзүлөт. Негизи баасы бактын ээси менен сүйлөшүү аркылуу аныкталат. Бак ээлери көбүнчө көчөттөр жакшы чаңдашып, түшүмдүүлүгү жогору болушу үчүн башка сортторго кыйыштырышат», - деди багбан.