Turmush — Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын аймактарында түн ичинде ата-энесинин же камкорчуларынын коштоосуз жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында коомдук жайлар, тамак-аш сатылган жерлер, интернет клубдар, базар жана өспүрүмдөр чогулчу башка жайлар текшерилип, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок өз алдынча жүргөн 20 жашы жете элек бала аныкталды. Ар бир баланын мыйзамдуу өкүлүнө жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзамдуу өкүлдөрүнө Укук бузуулар кодексинде каралган беренелерге ылайык протоколдор түзүлдү.
Жашы жете электерге (18 жашка чейинкилерге) түнкүсүн саат 22:00дөн 06:00гө чейин ата-энелеринин же аларды алмаштыруучу адамдардын коштоосунда коомдук жайларда болууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ата-энелер балдарды тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартат.