Turmush — Бактияр Мавлянкулов Нарын РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка ИИМден кол коюлду. Жаңы жетекчини эмгек жамаатка Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары Рахат Мурзакматов тааныштырды.
Бактияр Мавлянкулов буга чейин Базар-Коргон РИИБдин башчысы кызматында кызмат өтөгөн.