Turmush — Лейлек районунда алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Баткен ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында жашаган 25 жаштагы А.Х. Раззаков шаарындагы авиакассада иштеп жүрүп, жарандардын ишенимине кирип, «авиабилет алып берем» деп акчаларын өзүнүн банктык картасына котортуп алып жүргөн. Аталган факты боюнча милицияга жалпысынан 13 жаран арыз менен кайрылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү арыздануучуларга болжол менен 1,5 миллион сомго жакын материалдык зыян келтиргени аныкталган.
Бул факт боюнча Лейлек РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон. Облус аймагында жүргүзүлүп жаткан «Алдамчы» иш-чарасынын алкагында шектүү жаран Раззаков шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.