Turmush — Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде студенттер арасындагы предметтик аралык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Иш-чара Билим берүүнүн сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан уюштурулду. Жыйынтыктын негизинде олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген студенттерге дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылып, аларды даярдаган жетекчилерине мактоо баракчалары ыйгарылды.
Бул иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле илимий-билим берүү ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер ар түрдүү предметтер боюнча билимдерин көрсөтүп, аналитикалык жана чыгармачылык ой жүгүртүүсүн сынай алышты.