Turmush — Бүгүн, 12-март күнү түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, суук болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -8…-13°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -8…-13°, бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -23…-28°, күндүз -6…-11° суукка чейин төмөндөйт.
12-марттан 15-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү мүмкүнЖолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.