Turmush — Чүй облусунда жана Бишкек шаарында акыркы 1-2 айдан бери жумурткага болгон баа өсүп жатканы байкалууда.
Соодагерлер мунун себебин так билбей жатыканын билдирсе, айрым дүкөн ээлери, тоок фабрикалардан жумуртканын келүүсү кескин азайып кеткенин билдиришти. Айрым жерлерде жумуртканын 1 даанасы 16 сомго чейин чыкты.
Аймактык кабарчы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмү жумурткалар тооктор аз санда жумуртка тууп жаткандыктан баа өсүп жатканын билдирди.
«Тоок фермаларда эч кандай оору-сыркоо жок, текшерүүлөр дайым жүрүп келет. Ал эми жумуртканын баасынын өсүшү бул мезгилдик пайызга туура келет. Анткени ушул маалдарда тоок фермаларда тооктор жумуртканы пайыздык өлчөм менен караганда аз санда тууп калат. Тооктор жыл боюу эле 365 күн тууй бербейт.
Экинчиден былтыр башка өлкөлөр менен салыштырмалуу, чыгымды эсепке албай баа өтө төмөн түшүп, Кыргызстанда «перепроизводство» болуп кеткен. Ошол маалда айрым тоок фермалар канаттууларынын санын азайтканга муктаж болгон. Ошонун натыйжасы быйыл көрүнүп атат.
Үчүнчүдөн жумуртка тууган тооктордун убактысы келип жеткендиктен, аларды эт катары өткөрүп, жаңы жөжөлөрдү бастырып бага башташты. Бул жөжөлөр массалык түрдө жумуртка тууган маалга келгенде, жумуртканын баасы турукташат деген ойдобуз.
Канаттууларды өстүрүүчүлөр ассоциациясынын маалыматына караганда, бул абал 1,5 ай уланышы мүмкүн. Андан кийин калыбына келет. Негизинен Кыргызстан жумуртка менен өзүн-өзү 80 пайыз камсыздайт. Бул жааттагы базарда баалар циклдик, алар өйдө-ылдый өзгөрүп турат. Бул нормалдуу көрүнүш.
Биз Антимонополияга жасалма баа коюлушу мүмкүнбү деп кат жолдодук. Антимонополия өз багытында иштеп, эмне үчүн баа көтөрүлгөнүн изилдеп жатышат. А биз өкмөттүн тапшырмасы менен иш-чараларды карап жатабыз. Анын ичинде импорт маселеси (временно завоз) жана тоок фабрикаларга мамлекет тараптан кандайдыр бир колдоо маселесин карап жатабыз. Дагы бир жолу айтабыз жумуртка тууган тооктордун саны туруктуу. Мезгилдик эт катары союшка кеткендери бар. Ал жаңыланып жатат.
Биздин маалымат боюнча учурда жумурткалардын дүң баасы 10-12 сом болуп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 9-мартта Кара-Балта шаарынын тургундары жумуртканын баасы кымбаттап жатканын билдиришкен. Алар мурда жумурткалар дүңүнөн сатылган соода түйүндөрүндө эң арзан жумуртканын 10 даанасы 108 сомго жакын турса, азыр анын баасы 114 сомго чейин өскөнүн айтышкан. Сатуучулар жумуртканын жалпы наркы болжол менен 20-30 сомго кымбаттаганын билдиришкен.
Айрым соода түйүндөрүндө жумуртка менен камсыздоочулар баанын жогорулашын тооктордун тоютунун кымбатташы менен түшүндүрүшкөн.