Turmush — Кара-Балта шаарынын борборунда унаа өрттөндү.
Күбөлөрдүн айтымында, төмөнкү базардын аймагында «Audi» үлгүсүндөгү унаа өрттөнгөн. Окуя 11-март күнү Жайыл баатыр көчөсүндө болгон. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн тобу ыкчам келип, өрттү өчүрүштү.
Жайыл районунун ЖКККБ кызматынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталууда.