Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун тогузунчу каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылын тургуну Зарина Бачеринова.
Түп району Ысык-Көл облусунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ал түндүгүнөн Казакстан менен, батышынан Ысык-Көл району, түштүгүнөн Ак-Суу району менен чектешет. Ал эми чыгыш тарабы Ысык-Көлдүн жээгине барып такалат. Түп районунун аталышы Түп айылынын атынан келип чыккан, ал эми Түп айылынын аты Түп дарыясына байланыштуу коюлган. Кыргыз тилиндеги «түп» сөзү негиз, тамыр, түбү деген маанилерди туюнтат. Ошону менен катар бул аталыш аймактын географиялык жайгашуусуна байланыштуу да пайда болгон деп айтылат.
Түп району 1935-жылы 8-февралда түзүлгөн. Район жалпы 13 айыл өкмөттөн туруп, 37 айылды камтыйт. Түп айылында ар кандай улуттун өкүлдөрү жашайт. Мисалы, өзүм казак улутунан болом. Мындан тышкары, менин таенем орус улутунан. Негизи эле мен бала кезимден түрдүү улут өкүлдөрүнүн арасында өсүп келдим. Мисалы, мектепте да ар улуттан болгон классташтарым бар эле — өзбек, орус, уйгур жана башкалар. Бирок баарыбыз бир тилде — кыргыз тилинде сүйлөчүбүз.
Казактар негизинен 19-кылымдын экинчи жарымында жана 20-кылымдын башында, ар кандай тарыхый окуялар (ачарчылык, саясий куугунтук) учурунда Казакстандын аймагынан Кыргызстанга келип отурукташкан.
Көлдүк казактар
Түп районунда илгертен бери жашап келе жаткан казактар көп. Алар кыргыздар менен аралашып жашап, кыргыз элинин каада-салтын карманып, кыргыз тилинде сүйлөшөт. Мисалы, мен да туугандарым менен көбүнчө кыргыз тилинде баарлашам, казак тили бизде көп колдонулбайт. Ар бир эл башка тилдерди үйрөнүп, башка маданияттарга кызыккандай эле, убакыттын өтүшү менен тилдик өзгөчөлүктөр да өзгөрүп турат. Кыргызстандагы казактар бул жерде көп жылдан бери жашап калгандыктан, кыргыз тилинде көбүрөөк сүйлөшөт. Ал эми Казакстандан келген казактар өз тилин бекем карманып, негизинен казак тилинде гана сүйлөшөт. Биз казак тилин жакшы билбейбиз десек да, алар казакча, биз кыргызча сүйлөп, бири-бирибизди түшүнө беребиз.
Көп жылдардан бери Кыргызстанда жашап келгенибиз үчүн айрым учурда улуттук тамырыбызды анча терең билбей калган учурлар да болот. Бирок бул жерде кыргыздар бизди баары бир «казактар» деп атап коюшат. Казак элинде жүздөргө бөлүнүү бар экенин билем. Менин билишимче, биз Улуу жүзгө киребиз, анын ичинде албан уруусунан болобуз. Улуу жүз негизинен Казакстандын түштүк тарабына, тактап айтканда Алматы аймагына туура келет.
Казак эли тарыхый жактан үч чоң жүзгө (жуз) бөлүнөт. Жүз — бул чоң уруулар бирикмеси, башкача айтканда тарыхый-уруулук бирикме.
1. Улуу жүз (Улы жүз)— негизинен Казакстандын түштүк жана түштүк-чыгыш аймагында жашаган. Негизги аймактары: Алматы, Жетысуу, Түркстан тарап. Уруулары: албан, суан, дулат, канглы, шапырашты, жалайыр ж.б.
2. Орто жүз (Орта жүз) — Казакстандын борбордук жана түндүк-чыгыш аймактарында жашаган. Негизги аймактары: Караганда, Павлодар, Акмола, Семей тарап. Уруулары: аргын, найман, керей, конырат, уак, кыпчак.
3. Кичи жүз (Кіші жүз) — Казакстандын батыш аймагында жайгашкан. Негизги аймактары: Атырау, Актобе, Мангистау, Батыш Казакстан.
Сан-Таш баяны
Сан-Таш Каркыра жайлоосу тарапта жайгашкан. Ал жерде таштардан үйүлгөн чоң дөбө бар. Анын тарыхы XV кылымда жашап өткөн Амир Темир ханга (Тамерланга) байланыштуу деген уламыш айтылып келет. Анын буйругу менен аскерлери жортуулга аттанар алдында ар бир жоокер бирден ташты чоң дөбөгө таштаган экен. Ал эми жоокерлер согуштан кайтып келгенде, аман калгандары бирден таш алып, экинчи жерге ташташкан. Ошентип, эки дөбө пайда болгон дешет. Азыркы күндө ошол Сан-Таш кайтпай калган жоокерлердин санынын белгиси катары айтылып жүрөт. Бул — тарыхый мурас, баалуу эстелик.
Президенттин ата конушу
Түп районунун Каркыра айыл аймагына караштуу Кең-Суу айылы өзгөчө макамга ээ — ал өлкө башчынын туулуп-өскөн ата конушу катары белгилүү. Айыл Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, деңиз деңгээлинен 1760 метр бийиктикте, Түп районунун борборунан 30 чакырым алыста жайгашкан.
Айылдын түптөлгөнүнө 3 кылымдан ашты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул аймакка отурукташуу 1700–1750-жылдарга туура келет. 2025-жылга карата айылда 394 кожолук жашап, жалпы калктын саны 2410 адамды түзөт.
Айылдын тургундары негизинен айыл чарбасы жана мал чарбасы менен алектенишет. Кең-Сууда мечит, ФАП, мектеп, бала бакча, кичи футбол аянтчасы жана жаңы салынган стадион бар. Ички жолдорго асфальт төшөлүп, түнкү жарыктандыруу орнотулуп, калк ичүүчү таза суу менен камсыздалган.
Айыл аксакалдарынын айтымында, кең-суулуктар негизинен Белек тукумунун урпактары. Учурда айылда Алыбай, Шапак, Кургак, Мундуз, Түкөк, Моңолдор жана Кутчу уруусунун өкүлдөрү жашашат.
Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра
Түп районуна караштуу Каркыра айылы Казакстан менен чектешет. Каркыра айылы Түп районунун борборунан 70 чакырым алыста, күн чыгыштан орун алган. Илгертен бул жактын аскалуу кырларында каркыралар мекендеп келген. Ушундан улам айылдын аталышы Каркыра деп аталып калган. Ал эми СССР маалында №4 ферма деп аталчу. Каркыра жайлоосунан 1,5 чакырым алыста Казакстан Республикасынын чек арасы жайгашкан. 1996-жылы "Манастын—1000" жылдыгы, 2019-жылы Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы дал ушул өрөөндө өткөрүлгөн.
Көкөтөйдүн ашы өткөн жайлоодо тарыхты баяндаган байыркы издер бар. 3-4 жылкынын эти быша турган тай казан асылчу кемегелер, уңкур-чуңкур ойдуңдар ата-бабалар жердеген ыйык жер экенинен кабар берет. Көкөтөйдүн ашы өткөн жайлоодо элдик уламыштарда 350 атчан жигиттин эт тартканы айтылып жүрөт. Мындан улам бул жайлоого калың эл топтолгонун билсек болот.
Жайлоодо 200гө жакын түрдүү дары чөптөр өсөт. Анын арасында Кызыл китепке кирген — тоо гүлдөрүнүн ханышасы мамыры (эдельвейс) да бар. Айылда кыш мезгили 9 айга чейин созулат жана 1,5 метр кар түшөт. Жергиликтүү жашоочулар кыштын камын күздө көрүп, азык-түлүктөрүн камдап алышат. Жайкысын бул жакка малчылар, боз үй иштеткендер келет. Жыл өткөн сайын туризм өнүгүп, чет өлкөдөн жана башка облустардан келген эс алуучулардын саны арбын.
Мен өз айылым менен сыймыктанам, анткени...
Анткени ал мени чоңойтуп, тарбиялап өстүрдү. Туулган жеримдин өзгөчө меймандостугу, элинин кичипейилдиги мага абдан жагат. Табияты да абдан кооз. Жалпы эле Түп районунан көптөгөн белгилүү адамдар чыккан. Мындан ары да ийгиликтерди жарата турган жаштарыбыз өсүп келе жатат.