Turmush — Баткен шаарында 1 түндө бир нече уурулук кылууга шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен шаарында 9-март күнү кечинде бир нече уурулук фактылары катталып, жабырлануучулар милицияга кайрылышкан. 71 жаштагы шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ал күнү кечинде үйүн бекитип ооз ачарга кеткен учурда белгисиз адам терезе аркылуу үйүнө кирип, үйдүн ичин аңтарып, «Redmi 5» үлгүсүндөгү телефонун жана короосунда турган велосипедин уурдап кеткендигин билдирген.
Ошондой эле 74 жаштагы дагы бир тургун арыз менен кайрылып, 9-март күнү кечинде үйүн кулпулап кеткенин, 10-март күнү келгенде белгисиз адам үйдүн кулпусун бузуп кирип, акча салгычта (копилкада) турган болжол менен 20 миң сом акчасын жана «Redmi A1» үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткендигин билдирген.
Мындан сырткары Баткен шаарынын 27 жаштагы тургуну Баткен облустук ооруканасынын короосуна токтотуп койгон «Kia K7» үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 50 миң сом акчасын, айдоочулук күбөлүгүн, паспортун жана банктык карталарын уурдатканын маалымдаган.
55 жаштагы жаран 9-март күнү кечинде Баткен шаарындагы «Чынар-Бак» мечитинин алдында токтотуп койгон «Honda CR-V 3» үлгүсүндөгү унаасынын арткы айнеги сындырылып, ичиндеги «Redmi 10» үлгүсүндөгү уюлдук телефон уурдалганын билдирген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде 4 кылмыш иш козголгон.
Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Баткен районунун 15 жаштагы тургуну А.А. кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.