Turmush — Кадамжай районундагы алдамчылыкка шектелген адам Бишкектен кармалды. Бул туралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын февраль айында А. аттуу жаран Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургунунун ишенимине кирип, 22 тонна көк алманы 900 миң сомго баалап алып, анын 450 миң сомун гана берип, калган 450 миң сомун бир жуманын ичинде төлөп берерин айткан. Бирок ар кандай шылтоолорду айтып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын бербей качып жүргөн.
Мындан тышкары Кадамжай районунун Кара-Кыштак айылынын тургуну да милицияга арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүндө, 2024-жылдын 17-декабрь күнү А. аттуу жаранга Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 1 фура курманы 418 миң сомго баалап, 1 жумага бергендигин, бирок ушул күнгө чейин акчасы төлөнбөй жатканын билдирген. Жогорудагы 2 арыздануучуга жалпы 868 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон.
Кадамжай РИИБдин Уч-Коргон милиция айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Аксы районунун 30 жаштагы тургуну Н.А. Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.