Turmush — Кочкор районунда «Манас таануу» интелектуалдык таймашынын райондук туру өттү.
Маалым болгондой, сынак Шапак Рысмендиев мектепте уюштурулду.
Кыргыз тилинде «Манас» айткан окуучулар арасындагы жыйынтык:
- I-орун — Т.Усубалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Зайыпуруш» тобу. Мугалими: Искендерова Гүлзина Байырбековна.
- II-орун — Соң-Көл жалпы билим берүү мектеби "Өркүн" тобу. Мугалими: Майрамбек кызы Бурул.
- III-орун — Сагынбай Орозбак уулу атындагы жалпы билим берүү мектеби «Сагынбай» тобу. Мугалими: Асаналиева Жээнкүл Тобокеловна.
- III-орун — Үсөн Бейшеев атындагы жалпы билим берүү мектеби «Улуу баян» тобу. Мугалим: Адыгаева Назгүл Коноковна.
- III-орун — Шамен жалпы билим берүү мектеби «Көк асаба» тобу. Мугалими: Дыйканбаева Лида Бейшенкуловна.
Орус тилинде «Манас» айткан окуучулар арасындагы жыйынтык:
- I -орун — Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектеби «Даанышман» тобу Мугалими: Шакулова Гулмейиз Тобокеловна.
- II-орун — Калыгул Бай уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинин командасы. Мугалими: Апсейитова Махабат.
Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарга «Манас» таетрынын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.