Turmush — Кечээ, 10-март күнү Москва районунун Петровка айылындагы унаа кырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 1991-жылдын туулан С.Д.Г. кечээ саат 20:08 чамасында «Митсубиси Диамонд» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып айылдын Борбордук жана Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинен жөө өтүп бара жаткан 2 адамды сүзүп кеткен. Алар 1980-жылы туулган М.А.А. менен 1967-жылы туулган К.И.Ж. экени такталган.
Кырсыктын кесепетинен алган жаракатынан улам1980-жылы туулган М.А.А. өзүнө келбей каза болгон. Ал эми К.И.Ж Москва районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.