Turmush — Москва районуна караштуу Петровка айылынын тургуну Элмира Качкеева сүт сатып, айына 50 миң сом таза киреше табууда. Аймактык кабарчы фермерден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, үй-бүлөсү менен түштүктөн 2014-жылы Петровка айылына көчүп келип, жолдошу менен кайрадан мал чарбасын өнүктүрүүгө киришкен.
«Көчмөн турмушта кыргыз эли байыртан эле мал багып, үй-бүлөлүк жашоосун улантып келген. Ошондон улам байыркы ата-бабаларыбыз малга өзгөчө маани берип, даанышман наасаттарын муундарына калтырып кеткен эмеспи. Маселен «мал ээси менен, баш мээси менен», «мал ээсин тартпаса, арам өлөт», «адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын» деген сыпатта миңдеген ой түрмөктөрүн айтышкан.
Мындай макалдардан көрүнүп тургандай, мал чарбасы алардын бүткүл жашоо образына айланган. Дегеним ата кесибин улап дейбизби, айтор жолдошум Бакыт экөөбүз баш кошкон күндөн баштап эле мал жана айыл чарбасын өздөштүрүүгө кадам таштадык. Ал сыртта болсо, мен жанында болуп, оорун колдон, жеңилин жерден алып, куттуу үйдүн түтүнүн булатып, 4 баланы тарбиялап, небере жытын искеп келебиз.
Учурда корообузда 3 уй багып, сүтүн сатабыз. Күн сайын эрте менен сүт алуучулар унаасы менен келишет. Алар сүттү текшерип, майлуулугүна жараша баасын белгилешет. Мен күнүгө 42 сомдон орточо 40 литр сүт сатып, айына 50 миң сом таза киреше табам. Жолдошум Бакыттын кесиби мал доктур. Ал мал чарбасын жакшы билет», - деди ал.
Үй-бүлөнүн башчысы Бакыт Көккөзов мал чарбасында эң көп тараган оорулар жөнүндө айтып берди.
«Кесибим мал доктур. Мал чарбасы менен алектенген адам малды тоют менен камсыздоо менен гана чектелбей, күн сайын короодогу малына такай көз салып туруу абзел. Эгер малың ооруп калса, чарбаң алсырайт. Үй турмушуна гана эмес ден соолукка да терс таасирин тийгизет. Мал көбүнчө бруцеллез, чакалай (трихофития), эхинококкоз жана ар кандай мите курттар (гельминтоз) оорулары менен жабыркашат. Ошондуктан, вакцинация, тазалык жана туура тамактандыруу гана оорулардын алдын алат», - деди ал.
Ал өз сөзүндө коомчулукта уйлар белгисиз оорулар менен ылаңдап жаткан айрым маалыматтарга токтолду.
«Маалымат булактарынан белгисиз оору жөнүндө окуп калам. Эми тирүү организм болгон соң, ар кандай оорулар жугушу мүмкүн. Бирок мен жашаган Петровка айылы Беловодск жана Ак-Суу айылдары менен коңшулаш болгон соң, эл арасында малдын оорусу боюнча уу-дуу сөздөрдү укпадым.
Өзүмдүн короомдогу малды такай дарылап турам. Жубайым уй сааса, мен тоют менен камсыздап, малды жугуштуу оорудан оолак кармап келем», - деди ал.
Фермерлер өндүргөн сүт азыгы сүт ташуучулар тарабынан райондун борбордук аймагында жайгашкан чийки сүттү кайра иштетүүчү «Жети Баатыр», «Ак-Сүт», «Урсус» жана чакан 2 ишканаларга тапшырылат.
Заводдун маалымат такталарында:
«Ишканалардын баа саясатынын айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында чийки сүттү сатып алуу баасын так түшүнүү, сүт өндүрүүчүлөрдүн жана сүттү ташып келүүчүлөрдүн ортосунда түшүнбөстүктү болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024- жылдын 2- декабрындагы №724 «Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024- жылдын 14- мартындагы номер 1950- V11 «Сүткө сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун негизинде уйдун чийки сүтүндөгү майлуулугунун негизги нормасы 3, 4 пайыз жана белок 2,8 пайызы эске алуу менен кабыл алынып жаткан чийки уй сүтүнө төмөндөгүдөй баалар белгиленет», - деп жазылган жана чийки сүттүн сатып алуу бааларын белгилөө боюнча ченемдер көрсөтүлгөн.
Сүттүн баалары боюнча ар айылда ар түрдүчө экендиги айтылат.
«Райондо 5 айыл аймакта сүт ташуучулар сүттү майлуулугуна жараша 40-45 сомго чейин баада сүт сатып алып, заводго өткөрүшөт. Ал эми заводко кандай баада өткөрүшөт сүт ташуучулардын өз иши», - деди жергиликтүү тургундардын бири.
Райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Нурбек Исаков малдын белгисиз оору менен ооруганы тууралуу официалдуу түрдө катталбаганын маалымдады.
«Күзүндө массалык түрдө малдарды дарылоо өнүктүгү өтүлгөн. Жакында жазгы иш-аракеттер жүргүзүлөт. Бизде мал оорусу боюнча официалдуу катталган факт жок. Ал эми учурда 5 ишканада сүттү кабыл алуу кадимки шартта жүргүзүлүп жатат. Биз ал заводдордун жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Маселен жайкы мезгилде сүттүн баасы майлуулугу 3,4 пайыз менен 38 сомдон, кышында 40 сомдон төмөн болбошу керек. Ар бир айыл аймактарда веткызматкерлер бар. Алар мониторинг жүргүзүп турушат», - деди ал.
Ошондой эле Панфилов районунда белгисиз оору менен жабыркаган мал жокко эсе экенин райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгы тарабынан кабарланды.
«Биз Казакстан менен чектешкен аймакта жашайбыз. Ошондуктан, азык-түлүк коопсуздугуна район жетекчилери тарабынан өзгөчө көңүл бурулат. Элибиздин басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Ар бир малдын артынан сая түшүп, анын эт, сүт багында жетилүүсүнө ар бир фермер өзү кызыкдар. Бизде белгисиз оору менен жабыркаган малдар боюнча факт катталган жок. Ошондой болсо да жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында дарылоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми фермерлер өндүргөн сүтүн Кара- Балта шаарындагы сүт заводко тапшырышат. Сүттүн баасы 39-42 сомго чейин», - деп айтылат маалыматта.