Turmush — Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы булагынын соолуп калганы боюнча тиешелүү адистер жерине барып кабар алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар булактын маанилүүлүгүн айтып, жергиликтүү бийликке башка жолдор менен суу алып келүү зарылчылыктарын да белгилешти. Учурда булактын көзүн ачуу үчүн жергиликтүүлөр тарабынан аткарылып жаткан иштер орунсуз экенин айтылды.
«Бул булак Баткен районундагы 3 чоң булактын бири болуп эсептелет. Күн жылуу мезгилде 1 куб суу чыгып турган. Өткөн жылы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына 14 чакырым каналы өткөрүлүп берилген.
Суунун чыкпай калганы бул табигый болгондуктан, себебин аныктоо кыйын. Бирок буга чейин мындай болгон эмес экен. Бирок суунун азайып жатканы белгилүү. Анын көзүн ачабыз деп казуу иштерин жүргүзүүгө эрте. Анткени тескерисинче нугун башка жакка буруп салышыбыз ыктымал. Ошондуктан жыл сайын суу көбөйгөн убагы апрель-май айларын күтүү керек. Мүмкүн суу чыгып калат. Мурда дагы ушундай болгонбу карыялардан сураштыруу керек», - деди Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Султанбек Эрматов.
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Абдиллаким Мансуровдун айтымында, аталган булак Кара-Булак айылындагы 3500дөй тургунду сугат жана таза суу менен да камсыздап келген. Буга чейин кышкысын да суу чыгып турганю. Такыр соолуп калган учур биринчи жолу катталууда. Бирок суу такыр чыкпайт деген ыктымалдуулук аз. Анткени мындай тенденция жыл сайын эле болуп, кышкысын суу азайып келген. Болгону аз көлөмдө суу чыгышы мүмкүн.
«Суу таптакыр чыкпай калат деген ыктымалдуулук азыраак. Анткени жыл сайын эле кышында суу азайып калчу. Суунун азайганы жыл санап дагы да төмөндөп келген. Быйыл болсо такыр чыкпай калды. Эми апрель-май айларында чыгышын күтөбүз. Суу чыкса да аз чыгышы мүмкүн. Айылда болсо, мындан башка Кара-Суу булагы бар. Ал ичкенге үнөмдөп иштетсек жетет. Ал эми айыл чарбага жетишсиз. Ошондуктан биз да элге суу талап кылбаган багыттарды айтып, ошондой эле тамчылатып суугарууну жолго коюуну айтып жатабыз. Антпесе башка аймактар да суунун таңкыстыгы байкалууда. Ал эми жайытка тоңдурма жасалма мөңгү быйыл айыл өкмөттө сыноодон өткөрүп жатабыз. Анын жыйынтыгына карап дагы көбөйтөбүз.
Анан жерден суу чыгарууга бул айылдын жайгашкан жери деңиз деңгээлинен жогору болгондуктан, суу чыгарууга болбойт. Анткени буга чейин жергиликтүү эл да 100 метр тереңдиктен чыгара алган эмес», - деди Мансуров.
Кара-Булак айылынын тургуну Аслан Үсөнов да пикирин айтты.
«Бул булактын көлөмүн көбөйтүү жолун бизден чыккан бир Жоро деген изилдеген. Ага мамлекеттен жардам бербей коюшту. Бирок эл жардам берип 2 жыл ашар жолу менен Дөңмөн жайлоосуна барып аракет кылдык. Бирок ишке ашкан жок. Ал жактан келбесе анда бул Кара деген жерден жер астынан суу чыгарып тартып келсе болот беле? Атайын адистер карап көрүп жол-жобосу менен суу тартып беришсе жакшы болмок. Анткени бул булактын суусу жетишсиз. Дыйканчылык кыла албай калдык. Анан булактын чыга беришиндеги түтүктү да ылдый кылып орнотпосок, суу топтолуп түшкөн чөп-чар жалбырактар агып кетпей туруп калып, булактын көзүн жаап калып жатабы деп да божомолдоп жатабыз», - деди Үсөнов.
Табышмактуу булактын сыры:
Turmush басылмасы 2017-жылы Кара-Булак айылындагы Суу-Башы булагы жөнүндө жазган. Анда айыл эли булактын жанында 500 жылдан бери өсүп жаткан терек бар экенин айтып беришкен. Анын кайсы заманда ким тарабынан тигилгени белгисиз. Булактын суусу жаз-күз бүтүндөй Кара-Булак айылындагы 900дөй түтүндү сугат суу жана таза суу менен камсыздап турат. Элеттиктер Суу-Башы суусун эзелтеден ааламдын 7 табышмагынын бири деп аташат. Анын табышмактуулугу булакка суунун мынчалык көп запасы кайдан келет деген суроого келип такалат. Жер астындагы бир агым менен чыгып турган Суу-Башы жана Сары-Таш суулары Кара-Булактагы Ак-Дөбөдөн кошулуп бир дарыяны түзгөнү, кийин ар кандай доорлор өтүп, бара-бара ал дарыя жоголуп кеткени айтылат.
Тарых илимдеринин кандитаты Абдинаби Кадыровдун айтымында, 1871-жылы орус саякатчыларынын бири Баткен аймагына келген. Ал өзүнүн «Түркстанга сапар» аттуу китебине Кара-Булак эли сууну Казак дарыясынан алып ичет деген маалыматты калтырган. Жергиликтүү эл ичинде «Дөңмөн, Дөңмөндүн үстүн көмгөн» деген сөз айтылып келет. Илгери Суу-Башы суусу бир өзөн дарыя болуп, айылдын гана эмес, Баткендин бир нече айылын суу менен камсыз кылганы айтылат. Дарыя бойлой жашаган эл бакубат жашоодо жашап жүргөндө эки хандын ортосунда келишпестиктер пайда болуп, бири Дөңмөн дарыясындагы Суу-Башынын жер асты менен башталган туннелдин арыгынын оозун кийиздер менен бекитип, таштар менен тосуп салат. Ошондон тартып «Дөңмөн, Дөңмөндүн үстүн көмгөн» деген сөз айтылып калган.
Суу-Башы суусунун азайып кеткенине байланыштуу суу кайсы тараптан келээрин аныктоо үчүн айыл тургуну Жоробек Абдисаттаров аны изилдей баштаган. Эгер чынында эле оозу бекитилип калган туннелдин арыгынын оозу табылып ачылса, анда Баткен аймагынын жалпы суу жетпей турган жерлери суу менен камсыздалмак.
2007-жылы 21-августта Баткен шаарындагы таза суу чорголорунан кызгылт түстөгү суу чыгып кеткен. Ошол учурда таза суу келүүчү Сары-Таштын жана Суу-Башы суулары да кызыл түстө агып жаткан. Донмондук жашоочулар катуу жаандан кийин дарыя кызгылт түскө боелуп калгандыгын айтышкан. Андан улам экспертизадан өткөргөндө бардык суу бирдей делген корутунду чыккан.
Дарыядан суу кирген туннелдин оозун табуу керектигин ойлонгон Жоробек Абдисаттаров Гидротехникалык, геологиялык жардамдарга муктаж болуп, депутаттарга чейин кайрылган. Бирок алар «жакшы иш баштаптырсың» дегенден башкага жараган эмес. 2007-жылдан бери унаа барбаган Донмон суусунун башына жетүү үчүн 2 күндөп жөө жүрүп, дарыянын ар бир таштарын карап, Донмондогу бекилип жаткан суунун табышмагын тапкан. Аны уккан эл аны колдоп, техникалык жабдыктар, унааларга чейин колдоо көрсөтүшкөн. Жергиликтүү бийлик дарактарды кесүүгө уруксат бергенден кийин 2016-жылы жаштардан түзүлгөн топ кезек-кезеги менен 10-15 күндөн иштей башташкан. Алардын негизги максаты агып жаткан суунун курун эч бир жардыруусуз, башка тобокелчиликке барбай туруп, шахталык туннел арыгы аркылуу сууну мурдагы жер астындагы агымга жеткирүү болгон. Туннелди казып бүтүүгө 2 метрдей аралык калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, иш токтоп калган. Бирок, суу куруна келүүчү агым каптарга толтурулган кумдар менен тосулуп, айылга баруучу суунун көлөмү көбөйгөн. Натыйжада Кара-Булак айылына кыш мезгилинде да суу келип, иштебей калган тегирмендер иштей баштаган.
Эгер шахталык туннел аягына чейин чыгып, мурдагы жер астында агып жаткан сууга кошулса, анда бүтүн Баткен аймагы суу менен кеңири камсыздалмактыгы айтылган.
2024-жылы айыл тургуну Жоробек Абдисаттаров бул булактын суу айылдан алыс эмес Дөңмөн суусунан келет деп изилдеп, натыйжада сууга кошулма салып көргөнүн айтып берген. Анын божомолун эл колдоп, ашар жолу менен суунун көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылышкан. Бирок натыйжа болбой келет. Анткени ал үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо керектигин айтышкан.
Кайсы бир учурларда булактан кызыл суу чыгып калат. Дал ошондо айыл эли мал союп, түлөө өткөрүп турушкан. Ошол булактан улам Кара-Булак айылы Кара-Булак деп аталып калынган. Элеттиктер акыркы жолу 2007-жылы кызыл түстө суу чыкканын айтышкан.