Turmush — Муфтий Абдулазиз Закиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында маркум Чубак Жалиловдун атасынан кабар алды.
Ал иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү диний аалым, мурунку муфтий, маркум Чубак ажы Жалилов төрөлүп-өскөн Бай-Мундуз айылына барып, маркумдун кабырын зыяраттап, Куран окуду.
«Чубак ажы жөн гана аалым эмес, феномен. Орто Азияга таанылган омоктуу кыргыз аалымы. Кыргызстан мусулмандарынын башында муфтий болуп турган кезинде бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө дагы бир катар багыттарда Муфтият ал киши салып берген жол менен баратат. Мисалы, ажылык иштерин реформалоодо жана ачык-айкындаштырууда. Мындан сырткары анын суроо-жооп аркылуу диний насаат айтканы бүгүнкү күндө дагы актуалдуу болуп, мусулман бир туугандарыбызга пайдасын тийгизип келет», - деди Закиров.
Мындан сырткары ушул жылдын 1-2-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун Манас шаарында демөөрчүлөрдүн колдоосу, Муфтияттын уюштуруусу менен маркум аалымдын жаркын элесине арналып республикалык Куран айтуу сынагы өткөрүлөрүн кошумчалады.
Абдулазиз Закиров көзү өтүп кеткен муфтийлердин жакындарынан кабар алып, маркумдардын кабырына зыярат кылууда.
Жалилов Чубак Тажибаевич 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү болгон. «Азирети Умар» атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.
Сауд Аравия өлкөсүндөгү «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтун бүтүрүп, андан соң шарият факультетинен шарият жана усул боюнча бакалавр даражасына ээ болгон.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинен теология боюнча магистр болгон. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык университетинде илимин дагы да өркүндөтүп, докторлук диссертациясын жактаган.
Эмгек жолу:
- 1995-1998-жылдары — Кыргыз Улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
- 2005-2007-жылдары — Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
- 2008-2010-жылдары — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан Ислам университетинде окутуучусу;
- 2010-2012-жылдары — Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи;
- 2014-2020-жылдын июнь айына чейин эки чакырылышта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
- 2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк сунний Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп тандалган.
Ал 2020-жылы 11-июлда дүйнөдөн кайткан.
2026-жылдын 3-февралында президент Садыр Жапаров диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин «Кыргыз Республикасынын баатыры» ардактуу наамын ыйгарууну сунуштаган.