Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Анна Абдулдаева. Ал жолдошу Олег Брюховецкийдин аяр мамилесин баалап, 24 жылдан бери бактылуу никеде жашап келе жатканын айтат.
«Мен 1982-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында төрөлгөм. Мен үй кожойкесимин, мурда чач тарач болуп иштегем.
8-класска чейин Миң-Куш айылындагы Н.К.Крупская атындагы мектепте окугам. 1995-жылы биз Чолпон-Ата шаарына көчүп келип, 8-класстан 11-класска чейин Киров атындагы мектепте билим алдым.
Ата-энем жөнүндө айта кетсем. Апам Елена 1958-жылы Москва шаарында төрөлгөн. Үч жашында алардын үй-бүлөсү Кыргызстанга — Чолпон-Ата шаарына көчүп келишкен. Апамдын балалыгы менен жаштык кези толугу менен Чолпон-Ата шаарында өткөн.
Атам 1951-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш шаарчасынында төрөлгөн. Ал да өзүнүн балалык жана жаштык мезгилин толугу менен Миң-Кушта өткөргөн.
Апам орто мектепти аяктагандан кийин Миң-Куштагы окуу жайга тапшыруу үчүн ошол жакка барган. Атам ал учурда айылда абдан белгилүү, кадыр-барктуу жигит болгон. Ал каратэ менен машыгып, жаштар арасында урмат-сыйга ээ эле.
Ата-энемди апам жатаканада чогуу жашаган курбусу тааныштырган. Алар көпкө сүйлөшпөй эле, баш кошууну чечишкен. Каникул маалында атам Чолпон-Атага келип, апама сөйкө салуу аркылуу алып кеткен. Кийин алар үйлөнүп, бактылуу үй-бүлө курушуп, төрт балалуу болушкан — үч кыз жана бир уул», — дейт ал.
Каарманыбыз жолдошу жана кайын журту туурауу кеп козгоду.
«Өзүм 19 жашымда турмушка чыккам, ал эми жолдошум 26 жашта болгон. Биз кечелердин биринде таанышканбыз. Анын мага болгон аяр мамилеси баарын өзү эле айтып турчу. Сүйүүсүн да жолугушуулардын биринде, кокусунан айткандай болуп билдирген. Бизде чоң той болгон эмес, болгону куда түшүү гана болгон. Куда түшүү орус салттары боюнча өткөн.
Жолдошумдун аты Олег Брюховецкий, ал 1975-жылы төрөлгөн. Ал Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылынан. Эки тарап ата-энелерибиз тең биздин биримдигибизге эч качан каршы болушкан эмес.
Алгачкы убакта жолдошумдун ата-энеси менен чогуу жашадык. Үйрөнүү мезгили оор болду, анткени бул бөтөн үй-бүлө эле. Андан тышкары, мен улуту боюнча кыргыз болгондуктан, кайненем башында мага бир аз ишенбестик менен мамиле кылчу. Кийин көнүшүп, мамилебиз аябай жакшы болуп кетти.
Бир жолу жолдошум экөөбүз абдан олуттуу теманы талкуулап жатканбыз. Мен капаланып, терең ойго чөгүп кеттим. Жолдошум унчукпай туруп, анан мени карап, "Сен азыр кыргызча ойлонуп жатасыңбы же орусчабы?" деп сурады. Ошондон бери бул сөз биздин үй-бүлөлүк "фишкабыз" болуп калды.
Кээ бир улуттук салттар мени таң калтырган жок, анткени апам орус улутунан. Бирок алардын үй-бүлөлүк ички салттары мени жагымдуу таң калтырды: сөзсүз бирге кечки тамак ичүү, бардык майрамдарды кеңири, үй-бүлөлүк форматта өткөрүү. Ал майрамдар ар дайым жылуу, ынтымакта өтчү.
Биз никеде 24 жылдан бери жашап келебиз. Бир убакта ата-эненин үйүнөн чыгып, батирде жашоого туура келген. Ал кезде үч балабыз бар эле, баары кичинекей болчу, иштеген бир гана жолдошум эле. Каржылык жактан чынында эле абдан оор болду. Кээде эң жөнөкөй нерселерге да жетпей калчу, бирок ошого карабастан, биз аракет кылып, жарык келечекке ишендик.
Азыркы учурда үч сулуу, бой жеткен кыздарыбыз бар. Өзүбүздүн бардык шарттары бар үйүбүз, унаабыз бар жана каалаган нерселерибизге мүмкүнчүлүк жете турган абалга жеттик.
Бош убактымдын баарын үй-бүлөмө арнайм, үйүмдү абдан жакшы көрөм. Мен үчүн ал — күч-кубат берген жер. Азыр ошондой эле блогумду өнүктүрүүгө убакыт бөлүп жатам.
Пландарыбызга келсек, үй-бүлөбүз менен чет өлкөлөргө саякаттоону, кыздарымды жакшы турмушка узатууну жана неберелеримди эркелетип багууну каалайм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.