Turmush — Бүгүн, 10-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынын жаңы мэри Кутпидин Шакиров эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев шаардык мэриянын кызматкерлерине жана тиешелүү муниципалдык мекемелердин жетекчилерине жаңы мэрди тааныштырды.
Жыйындын жүрүшүндө өкүл шаарды мындан ары өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги милдеттердин бири экени белгиленди.
Кутпидин Шакиров буга чейин Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким кызматында иштеп жаткан. Ал 2026-жылдын 6-февралында кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.
Буга чейин Токмок шаарынын мэри кызматында Эргешов Алтынбек Калдарович иштеп жаткан. Ал президенттин тесемеси менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган.