Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Айгүл Батырбекова.
Ал 2001-жылдын 15-февралында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон шаарында жарык дүйнөгө келген. Учурда жолдошу жана кичүү кызы менен Москва шаарында жашайт.
«Өзүм юридикалык колледжди аяктаганмын. Бирок турмуштун шарттарына байланыштуу кесибим боюнча иштебей, чеберчиликке, тигүүчүлүк өнөргө көбүрөөк ыктадым. Азыркы учурда декрет өргүүсүндөмүн.
Жолдошум — Элеман Таалайбек уулу. Ал 1997-жылдын 7-декабрында Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу айылында төрөлгөн. Москвада унаа оңдоо тармагында моторист болуп иштейт. Аны чыныгы мээнеткеч, "колу алтын" адам деп айтсам жаңылышпайм.
Биздин таанышуубуз да өзгөчө болгон. Бишкекте юридичиский коледжде окуйт элем, 9-классты бүтөөрүм менен тапшыргам. Мен окуудан чыгып, кечке жуук апамдын жанына жумушуна келип, таңгактоо (упаковка) кылчумун. Бир күнү жумушка келсем, жаңы үтүкчү жигит туруптур. Өзү таптаза, тыкан көрүнгөн. Ошол учурда бир нерсени сезгендей болгом, бирок маани берген эмесмин. Ал цехте көпкө иштеген жок, бир жумага жетпей кетип калды. Ошол бойдон сүйлөшкөн да эмеспиз, унутуп да калгам.
Атам кичинекей кезибизде оорудан улам каза болуп калган. Ошого байланыштуу сиңдим экөөбүз таенемдин колунда калганбыз. Көп убакыт өтпөй апам мени таякем менен жеңемдин колуна тапшырып, өзү Москвага иштегени кетти. Мен анда 2-курс болчумун. Апам бизди эч нерседен кем кылбайын деп, жаш кезимде иштеп алайын деп, Москвага кетүүгө аргасыз болгон. Бир күнү «Одноклассники» социалдык тармагынан мага бирөө жазды. Карасам, аты-жөнү Элеман Таалайбек уулу деп турат. Араң таанып, «Кандайсың?» деп жазыштык. Ошентип айда-жылда бир жолу кабар алышып жүрдүк.
Кийин Москвага апамдын жанына келдим. Ал учурда Элеман да Москвада экенин билдим. 8-мартта жолугалы деп сүйлөшүп калдык. Ал шаардын чет жагында жашачу, документтери мыйзамдуу эмес болгондуктан, өзү келе албай, мени чакырды. Мен болсо уялбай эле бардым. Жолугуп, бир аз сүйлөшүп, кайра кеттим. Эртеси күнү эле ал мага түз эле: "Мен сага үйлөнөм" деди. Турмушка чыгасыңбы деп да сураган жок. Мен болсо: «Жаңы эле 18ге чыктым, карьера курушум керек» деп назданып койдум. Бирок ал өз оюнан кайтпай, апама чейин жазып көндүрүп койгон экен.
Чындыгында, мен өзүм да аны жактырып калгам. Сыртынан назданганым болбосо, ичимден аябай сүйүнгөм. Ошентип, 8-мартта биринчи жолу жолугуп, 24-мартта баш коштук. Үйлөнүү тоюбуз да жөнөкөй өттү. Жолдошум жалпы 10 миң рубль гана короткон. Кыз узатууга 5 миң рубль, сөйкө жана бир букет гүл көтөрүп, өкүл атабыз жана бир досу менен эле келип алып кеткен. Махр маселесинде да жолдошумдун абалын түшүнүп, молдого өзү чечим чыгарсын деп айттык. Ал бизге батасын берип, 5 миң рубль акчалай же алтын алып берүүнү белгилеп кеткен.
Ошентип, үй-бүлөлүк жашообуз башталды. Алгач баары жакшы эле. Бирок убакыт өткөн сайын түшүнбөстүктөр чыгып баштады. Бир жолу таарынып, чемоданымды алып чыгып кеткем. Жолдошум жумуштан келип, менин жок экенимди байкаптыр. Тумбочканын үстүнө кат жазып, берген сөйкөсүн чечип коюп кеткем.
Ал дароо чалып баштады, бирок мен албай, өжөрлөнүп жүрө бердим. Чындыгында, үйүмө кетпей, жашаган жерибиздин айланасында эле чемоданымды сүйрөп жүргөн болчумун. Акыры телефонду алсам, "Кайдасың?" деп үнү титиреп, көзүнө жаш тегеренип турганын көрүп, жүрөгүм жумшарып кетти. Турган жеримди айттым. Экөөбүз бири-бирибизди таба албай, бир сааттай издеп жүрдүк. Акыры жолуктук.
Ошол учурда жолдошум ачууланганынан улам аялдаманын жанындагы айнек плитканы сындырып салды. Аны көргөндөр дароо полиция чакырышты. Жолдошумду алып кетишти. Мен кош бойлуу экенимди айтып ыйладым, бирок угушкан жок. Өкүл атама чалып, экөөбүз полиция бөлүмдөрүн издеп жүрдүк. Бир маалда өздөрү чалып, кайсы жерде экенин айтышты. Өкүл атам мени үйгө жеткирип, жолдошумду алып келүүгө кеткен. Ошол күндөн кийин мен өзүмө сөз бердим: кандай гана кыйынчылык болбосун, "кетем" деп айтпайм деп. Ошондон бери бири-бирибизди түшүнүп, колдоп жашап келебиз.
Эки чоң кызыбыз Ысык-Көлдө кайын журтумдун колунда, алардын камкордугунда чоңоюп жатышат. Кайын журтка барганда салт-санаалар менен да тааныштым. Салттан көп кыйналган жокмун, бирок жүгүнүү салтын биринчи жолу көргөнүмдө абдан таң калгам. Кайын атам башынан эле: "Биздин үйдө күндө жүгүнүп жүрүү деген жок, эч кимге жүгүнбө" деп айткан. Ошондуктан чогуу жашаганда жүгүнбөйт элем. Бирок алыска кетип, көп убакыттан кийин барганда, улууларга урмат көрсөтүп жүгүнүп турам.
Бүгүнкү күндө жолдошум экөөбүздүн үч кызыбыз бар. Улуу кызыбыз 6 жашта, ортончубуз 3 жашта, ал эми кичүү кызыбыз жакында 1 жашка толот. Жолдошум ар дайым кыздуу болууну каалап, Кудайдан тилеп жүргөн экен. Кудайга шүгүр, тилеги кабыл болуп, үйүбүз кыздардын күлкүсүнө толуп турат. Азыр бош убактымды үй-бүлөмө арнап, тамак жасап өткөрөм. Келечекте жолдошум экөөбүз Кыргызстанга кайтып, өз мекенибизде үй салып, чакан бизнес ачууну максат кылып жатабыз. Жашоодо кыйынчылыктар көп болот, бирок эң негизгиси — бири-бирибизди түшүнүп, колдоп, бир багытта алдыга умтулуу деп ойлойм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.