Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жаңы дайындалган акими район активине тааныштырылды.
Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемеге ылайык Кулубаев Дамир Садырбекович Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалган. Жаңы дайындалган жетекчини президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Адилет Акбаралиев тааныштырды.
Дамир Кулубаев буга чейин Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары — райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген.
Буга чейин Сузак районун акими кызматында Баратбек Сыдыкназаров иштеп келген. Ал бул кызматка 2021-жылдын 22-майында дайындалып, 2026-жылдын 6-мартында кызматтан бошотулду.