Turmush — «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Турдубеков кызматын тапшырды. Бул маалыматты Turmush басылмасына ишкананын Түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, ал кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.
Орозбек Турдубеков бул кызматка 2025-жылдын август айынын аягында дайындалган болчу. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп жүргөн.
-------------------------------------------------
Турдубеков Орозбек Турдубекович 1992-жылы 16-мартта туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Билими:
- К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетин экономика жана менеджмент адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
- 2024-жылы «Каратэ-до» федерациясынын Жалал-Абад облусундагы президенти болуп дайындалган;
- 2024-жылдын ноябрынан ушул күнгө чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы.