Turmush — Нуржамал Манас кызы Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлүп-өскөн. Ал 2002-жылдын 5-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Учурда жолдошу менен Бишкек шаарында жашайт. Өзү үй кожойкеси болсо, жолдошу эмгектенет.
Нуржамал 9-классты аяктагандан кийин маникюр боюнча курстан билим алган. Кийин медициналык курста да окуган. Ал 22 жашында турмушка чыккан.
Каарманыбыз жолдошу менен 2024-жылы Түркиянын Стамбул шаарында таанышкан.
«Мен таятам менен таенемдин колунда чоңойдум. Апам Түркияда эмгектенчү. Апам мени Стамбулга чакыргандыктан баргам. Жолдошум менен дүкөндөн таанышып калдык. Ал номурумду сурап жүрдү, бирок мен дароо бере койгон эмесмин. Апам баарын көрүп-билип жүрүптүр, кийин мага “жакшы бала экен” деп тааныштырган», — дейт ал.
Анын айтымында, бир күнү жумуштан үйүнө кайтып бара жатканда болочок жолдошу аны кафеге чакырган.
«Чай үстүндө отуруп, мага сезимдерин айтты. Кыз-жигит бололу деп сунуш кылды. Ошентип мамилебиз башталган», — деп эскерет Нуржамал.
Кийин ал Кыргызстанга кайтып келген. Жолдошунун атасы башында каршы болгон.
«Бирок жолдошум “мен ушул кызды сүйөм, ушул кызга үйлөнөм” деп өз сөзүндө турган. Январь айында менин артымдан Кыргызстанга келип алды. Февралда никебиз кыйылды. Кыргыз салты менен чакан той өткөрдүк. Чоң той буюрса алдыда», — дейт ал.
Нуржамалдын айтымында, анын ата-энеси каршы болгон эмес. Ошондой эле алар турмуш жолунда кыйын учурларды да баштан кечиришкен.
«Ош базарга барганда айрым адамдар бизди үйлөнө элек деп жаңылыш ойлошуп, уруш чыгарышкан. Биз милицияга арыз жаздык. Кийин алар кечирим сурап, айып пул төлөштү», — дейт ал.
Каарманыбыз жолдошу Сулейман Ышык 1999-жылы туулганын, Түркиянын Нигде шаарынан экенин кошумчалады. 2025-жылдын май айында Нуржамал ооруп, операция болгон.
«Мага жүрөгүмө кардиостимулятор коюлган. Андан көп өтпөй, июнь айында жолдошум экөөбүз жол кырсыгына кабылганбыз. Ошол учурдан тартып көп кыйынчылыктар болду. Бирок баарына карабай, акырындык менен жеңип келе жатабыз. Азыр бизде баары жакшы», — дейт ал.
Учурда Нуржамал үй иштерин жасап, блогдор үчүн видео тартып келет.
«Келечекте ынтымактуу үй-бүлө болуп, блогерликти өнүктүрүп, балдарыбызга жакшы тарбия бергибиз келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.