Turmush — Жогорку сот Тогуз-Торо районундагы айылда майып аялды зордуктоо боюнча айыпталган адамдын ишине чекит койду. Turmush басылмасы иштин чоо-жайын баяндайт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Айыпталуучу Жатакбай (аты өзгөртүлдү Ж.Р.А.) 1987-жылы Тогуз-Торо районундагы айылдардын биринде туулган. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Жатакбай 2025-жылдын 1-май күнү түнкү саат 4:30 чамасында мас абалында Тогуз-Торо районундагы айылдардын биринде таанышынын үйүнө келип, ал жерде жашап жаткан 2-топтогу майып, Асемканды (аты өзгөртүлдү Р.А.М.) күч колдонуп, анын «жардамга» деп кыйкырганына карабай, «үнүӊдү чыгарба» деп бычак такап коркутуп, колдорун жана көкүрөк тушунан тиштеп зордуктаган. Андан кийин үйдөн качып чыгып кеткен.
Жатакбай бул боюнча Тогуз-Торо райондук сотунун 2025-жылдын 1-августундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү (зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылдын 2-майынан баштап эсептелинген.
Жатакбайдын жактоочусу аталган өкүм менен макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу келтирген. Бул иш Жалал-Абад облустук сотунда кайрадан 2025-жылдын 22-октябрында каралып,Тогуз-Торо райондук сотунун 2025-жылдын 1-августундагы Жатакбай жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырылган.
Жатакбайдын жактоочусу Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирип, Тогуз-Торо райондук сотунун жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн өзгөртүп, Жатакбайдын аракетин Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 1-бөлүгү (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо ) менен квалификациялап, ага карата пробациялык көзөмөл колдонууну суранган.
Буга чейин бул иш Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткан учурда кылмыштын айрым жагдайлары белгилүү болгон.
Сотто айыпталуучу Жатакбай өзү трактор айдарын, кечинде тракторун токтотуп үйүнө бара жатса достору арак ичип отурушканын көрүп, алар менен арак ичип отуруп, түнкү саат 03:00 болуп кеткенин айткан. Анан үйүнө барбайын деп, мурдатан тааныш Асылай (аты өзгөртүлдү) деген эженин үйүнө жатайын деп, үйүнө барса ал өзү жок болуп, үйдө анын бир тууган эжеси Асемкан бар болуп чыккан. Асемкан түн болгондуктан чочуп кетип колуна бычак ала калган. Аны тааныгандан кийин колунан бычакты алып койгон. Кийин сүйлөшүп отурушуп анын макулдугу менен «иш» болгон.
Ал буга катар эле кылганына өкүнүп жатканын, карамагында 6 баласы бардыгын, үйдө жалгыз багуучу экенин көрсөтүп, камакка байланышпаган жаза белгилөөнү суранган.
Жабырлануучунун көрсөтмөсү:
Соттук отурумда жабырлануучу Асемкан үйдө сиңдиси менен жашай турганын айткан. Жатакбай болсо кээде келип, отун жарып, ушул сыяктуу иштерде жардам берип жүргөн. Ал күнү үйдө жалгыз жаткан. Жатакбай мас абалда келип, аны коркутуп зордуктаган. Аны кетип калсын деп колуна бычак алган.
Айыпталуучунун балдары бар экенин, ал мастыктын айынан өзү билбей үйгө киргенин кечиргенин, учурда ооруп жатканын айыпталуучу дары-дармегине жардам берүүсү керектигин көрсөткөн.
Соттук отурумда жабырлануучу Асемкандын сиңдиси Асылай да көрсөтмө берип, Жатакбайдын аяш жеңеси болорун айтты. Жатакбай кээде келип, отун жарышып жардам берип жүргөн. Окуя болгон күнү үйдө болгон эмес. Жатакбай айнекти бузуп кирип, кайра эшиктин кулпусун бузуп чыккан.
Бүгүнкү күндө элдешүүгө жетишкенин, тосмо арыз жазып бергенин көрсөтүп, эжеси оорукчан болгондуктан дары-дармегине жардам берсе жакшы болорун, айыпталуучунун 6 баласы бардыгын үйүндө жалгыз багуучу экенин эске алып камактан чыгарып берүүнү суранган.
Прокурордун каршылыгы:
Соттук отурумда прокурор каршы пикир айтып, Жатакбай Асемканды алсыз абалынан пайдаланып зордуктаганын, анын майыптыгы сырттан эле билинип турганын көрсөтүп, Тогуз-Торо райондук сотунун 2025-жылдын 1-августундагы өкүмүн өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтырууну суранган болчу.
Жогорку соттун өкүмү:
Жогорку сот 2026-жылдын 26-январында иштин материалдарын карап чыгып, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун 2025-жылдын 1-августундагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2025-жылдын 22-октябрындагы Жатакбай жөнүндөгү өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Кассациялык даттануу канааттандыруусуз калтырылды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.