Turmush — Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндө туулуп-өскөн Кызжибек Курманакун кызы турмуш жолун Ат-Башыдан тапкан. Ал студент кезде таанышкан жигитине турмушка чыгып, Нарын жергесине келин болуп барган. Айылдын жаңы салттарына көнүп, уй саап, сүт азыктарын жасап, үй-бүлө түйшүгүн көтөргөн жаш келин учурда эки баланын апасы. Ал бош отурбай, дүкөндөргө тамак-аш жасап өткөрүп, келечекте өзүнүн чакан пекарнясын ачуу кыялын айтып берди.
«Мен 1995-жылдын 1-февралында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндөгү Коо-Чаты айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 2 агам, 1 эжем бар, төрт бир туугандын эрке кызы болуп чоңойдум.
Балалыгым ошол кооз айылда өттү. Айдын-Көл орто мектебинде окуп, активист окуучулардын бири болчумун. 9-классты аяктагандан кийин чоң кыялдарымды жетелеп, Бишкек шаарына келдим. Кыялым — журналист болуу эле. Бирок 9-класстын күбөлүгү менен журналистика факультетине тапшыра албай турганымды билдим. Ошентсе да артка кайткан жокмун.
Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетине тапшырып, маркетолог адистигин тандадым. Окууну ийгиликтүү аяктадым. Бирок бала кездеги кыялым мени кайра эле журналистикага жетелеп турду. Ошондуктан ошол эле университеттин журналистика факультетине өтүп, 3-курстан окуй баштадым. Тилекке каршы, ооруп калып академиялык өргүү алып, кайра окууга бара албай калдым. Ошентип, маркетолог кесиби менен калдым.
Колледжди бүтүргөндөн кийин ооруп, үйдө жүргөн учурда курбу кызым чакырып калды. Ошол күнү аны менен жолугуп, сүйлөшүп отуруп, кайра үйгө кетип бара жатканда болочок жолдошума жолуктум. Ал күнү анын туулган күнү экен. Курбумдун таанышы болуп чыкты. Ошентип, 2014-жылдын 13-октябрында таанышып калдык. Ал кезде ал 19 жашка жаңы толуп жаткан экен.
Эртеси курбумдан телефон номурумду алып, чала баштады. Бир күнү жолугушууга чакырып, барып сүйлөштүк. Ат-Башыдан экенин билгенде, "алыс экен" деп сүйлөшпөйм дегем. Бирок ал "көрөсүң, мен сени өзүмө сүйдүрүп алам" деп тамаша-чын аралаш айткан. Ошондон кийин күн сайын телефон аркылуу сүйлөшүп, кээде жолугуп жүрдүк. Ал кезде ал университеттин 2-курсунда окуп, сабактан кийин охрана болуп иштечү.
Убакыт өтүп, бири-бирибизди жактырып калдык. Эки жыл өткөндөн кийин бат-баттан урушуп да калчубуз. Бир күнү "сөйкө салам" деди.
Ошентип, сөйкө салынды. Төрт жыл сүйлөшкөндөн кийин жолдошум үйлөнүү сунушун киргизди. Көп ойлонуп, каршы болгон жокмун. Экөөбүз сүйлөшүп, калың албай, сеп бербей эле үйлөнөлү деп чечтик. Мен жак кыз узатуу кылып, жээн төшөгүм менен сандыгымды берип узатышты. Жолдошумдун жакындары Бишкекте чоң той өткөрүштү.
Тойдун эртеси Ат-Башыга келдик. Кайненем биз менен келип, анан кайра Түркияга иштегени кетти. Ал кетип жатканда, жаш баладай ээрчип ыйлаганым эсимде.
Бул жактын салттары биздикине караганда бир топ башкача экен. Жада калса боорсоктун да формасын башкача кесишет. Бир үйдүн милдетин мойнума алып, белди бекем бууп, турмуш жолумду уланттым. Кээде баарын таштап кетким келип ыйлаган учурлар болду. Бирок жолдошумду жакшы көргөнүм үчүн аракет кылдым.
Бул жакта таанысаң да, тааныбасаң да жолдон өткөн улууларга "жашсыңар" деп учурашат экен. Муну мага 2-класста окуган кайним үйрөткөн. Айылга көнүп бара жатып, кээде кайним менен ойноп, эшек минип жүргөн күндөр да болду. Бир жолу оозу катуу атка минип алып, жоргосу бар экен, айыл аралап чаап кетип, араң токтотком. Азыр эстесем уялам.
Жаңы келген кезде 6–7 уй саап, сүт тартып, сары май, сүзмө, каймак жасап жүрдүм.
Үйдө мен чоң келинмин. Жолдошум — Ат-Башынын кулуну Жыргалбек уулу Улук. Ал 1995-жылдын 13-октябрында төрөлгөн. Үй-бүлөдө ата-энесинин тун уулу, 2 карындашы жана 1 иниси бар.
Экөөбүз бир жыл айылда жашап, андан кийин Түркиянын Стамбул шаарына барып, апабыздын жанында бир жыл жашап, иштедик. 2020-жылы карантин учурунда тун кызыбыз жарык дүйнөгө келерде айылга келгенбиз. Ошондон бери айылда жашап жатабыз.
2021-жылы уулдуу болдук. Азыр кызыбыз 6 жашка чыгат, уулубуз 4 жашта. Балдар менен алек болуп, иштөөгө көп мүмкүнчүлүк болгон жок.
Ошентсе да бекер отурбай, дүкөндөргө мини-пицца, үйдө жасалган сендвич, корндог сыяктуу тамактарды жасап тапшырып турам. Жолдошум мал алып-сатып иштейт. Балдарыбыз бала бакчага барат.
Кээде ойлонуп калам. Башка келиндердей болуп шаарга кетем десем, жолдошум каршы болмок эмес. Бирок мен анткен жокмун. Анын жанында болуп, колдоп жашагым келди.
Кудайга шүгүр, үйлөнгөнүбүзгө 8 жыл болуп калды. Бир да жолу "кетем" деген ой болгон эмес. "Бирге аракет кылсак, баарына жетебиз" деп ниет кылганбыз.
Эки жыл мурда бөлүнүп чыгып, баарын нөлдөн баштадык. Жер сатып алдык, мал күтүп жатабыз. Буюрса, ушул жазда үйдүн фундаментин куймакчыбыз.
Азыр кесибим менен иштесем деген максатым бар. Резюме да таштадым. Жумуш чыгып калса, иштейм.
Бош убактымда Instagram баракча ачып, блог жүргүзүүгө кызыгам. Ош менен Нарындын салттарын, жаңы келин болгондогу кызыктуу окуяларды айтып бөлүшкүм келет.
Келечектеги максатым — кесибим менен иштеп, балдарыма татыктуу тарбия берүү. Анан дагы бир кыялым — өзүмдүн чакан наабайканамды (пекарня) ачуу», — деди ал.