Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айрым мугалимдер айлык акыны жогорулатууда калыстык болбогондугуна нааразы болуп жатышат. Алар Turmush басылмасына берген комментарийинде маселенин чоо-жайын айтып беришти.
Мугалимдердин айтымында, эмгек акысын жогорулатууда теңсиздик орун алып, мугалимдер ичинде атаандашууну, экиге бөлүүнү пайда кылган жагдай жаралды. Тактап айтканда, так илимдер боюнча мугалимдердин эмгек акылары жогорулап, ал эми гуманитардык багыттагы предметтердин мугалимдеринин эмгек акылары жогорулаган эмес. Математика, биология, информатика, химия, физика сыяктуу предметтер боюнча мугалимдердин эмгек акысы жогорулап, ал эми география, тарых, көркөм өнөр, дене тарбия, адабият жана тил сабактары боюнча мугалимдердин эмгек акысы жогорулаган жок.
Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин директору Гүлкайыр Майрыкеева сабак берүү, талап бирдей эле экенин, бирок айлыкка келгенде каралбай калышарын айтты.
«Мен 26 жылдан бери кыргыз тилчи мугалиммин. Апрель айында мугалимдердин айлыгы көбөйөт деп жатышат. Бирок STEM предметтери боюнча мугалимдердин айлыгы көбөйөт дагы, тарыхчы, тилчи, география сыяктуу мугалимдердин айлыгын көбөйтүшпөйт. Буга чейинки эмгек акыны көбөйтүүдө биздики калып калган. Мугалимдердин бардыгы бирдей эле убакыт сарптап, бирдей эле талап менен билим беребиз да. Мисалы, тил сабактары, тарых, география сабактары боюнча жалпы республикалык тестирлөө дагы, мамлекеттик сынактан дагы өткөрүлөт. Талап кылынат. Талап бирдей эле. Чындыгында эле мугалимдердин ыйлаганындай эле болуп жатат», - деди ал.
Ак-Тал айылындагы Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинин директору Жумакүл Маширипова буларга токтолду.
«STEM багытындагы предметтердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, адамзатына, дегеле жер жүзүндөгү глобалдык көйгөйдү чечүү үчүн өзгөчө маани жана көңүл буруу менен келечекте ойлоп табуучуларды, көйгөйдү чечүүчү окуучуларга билим беришет деген түшүнүк жаңылыштык деп ойлойм. Мен STEM багытындагы предметтердин маанилүүлүгүн түшүнөм. Бирок айлык акыны көбөйтүүдөгү коэффициент бардык мугалимдерге бирдей коюлушу керек. Анткени математик, хим-биолог, физик, информатиктерге айлыгына 15 пайыз кошулат. Андан сырткары, жогорудагы аты аталган предметтердин билим сапатын көтөрүү үчүн айлык акыны өзгөчөлөнтүп көтөрүү маанилүү деле эмес. Маанилүүсү — окуу китептери талапка ылайык иштелип чыксын, практикалык, лабораториялык иштер үчүн лабораториялык приборлор ар бир окуучуга жетиштүү болсун. Балага өз алдынча иштөө, изилдөө үчүн жумушчу дептер иштелип чыксын. Окуучуга стимул берүү үчүн ойлоп табуучулардын сынагы өткөрүлүп турсун. Эң негизгиси, жогорку окуу жайлардын студенттерине талап күчөтүлсүн.
Ал эми гумманитардык багыттагы предметтердин саатын кыскартып, коэффициенттерин төмөндөтүү менен улуттун баалуулугун, тарыхын жоготуу менен барабар. Кол эмгек, музыка, дене тарбия, сүрөт сабактары адамзаттын адам катары калыптанышына салымы чоң. Ошол себептүү бир сабактан экинчи сабакты артыкчылыкка коюу — бул абсурд. Мектепке мамлекеттик стандартка предмет киргизилдиби, демек, ар бир предметтин баланын өсүшүнө, калыптанышына, келечекте ордун табышына маанилүүлүгү абдан жогору», - деди Маширипова.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тил мугалими Гүлбарчын Мамытбекова мугалимдердин бирине артыкчылык берип, бирин басмырлоо болуп жаткандыгын билдирди.
«Мен 30 жылдан бери мугалим болуп иштеп келе жатам. Кандай мугалиммин жана бул тармакка кандай салым коштум, мезгил тараза болор. Бирок "30 жылда мындай болгон эмес" дегендей, билим берүүдөгү бүгүнкүдөй абалды, мугалимдерди даражага бөлүп, STEM деп бөлүп, бирине артыкчылык берип, айрымдарын басмырлаганын көргөн эмесмин. Министр өзү баш болуп бөлүп-жарып отурса, башкадан эмнени күтүүгө болот? "Даражалуу" предметтердин сааттарын көбөйтүп, айрымдарын "кемирип-кесип", кыскартып коюшууда. Алсак, математика, физика, химия предмети сыяктуу эле кыргыз тил, тарых жана башка гуманитардык предметтер дагы маанилүү экенин эмнеге эсиңерге албайсыңар, кандай максатыңар бар?», - деди Мамытбекова.
Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Билимбек Кемелов: «Дене тарбиядан сабак берип, 13 жылдан бери иштеп келе жатам. Алган айлыгым классым бар, ошол класс жетекчиликти кошкондо 17-18 миң сом айлык алам. 10 саат менен иштейм. Кымбатчылык бул болсо, алган айлыгыбыз эч нерсеге деле жетпейт. Айлык чындыгында мугалимдердики, анын ичинен өзгөчө жетим баладай болуп дене тарбия мугалимдериники аябай эле аз. Буга чейин деле так илимдер боюнча мугалимдердин айлыгын көбөйтүшкөн. Бирок жетим баладай болуп гуманитардык предметтер боюнча мугалимдердин айлыгы көбөйтүлгөн эмес», - деди.
Ушундай эле пикирлерин дагы бир катар мугалимдер билдирүү менен бирге социалдык тармакта министрликке, билим берүү тармагы боюнча кесиптик бирликке кайрылуу жасап жатышат.