Turmush — Кочкор районундагы мергенчилер өткөн жылдын февраль айынан бери атылган чөөлөрдүн акылары берилбей жатканына нааразы болуп жатышат.
Кочкор районунун мергенчилер союзунун мүчөсү Марат Жекелеев Turmush басылмасына берген комментарийинде ар бир айылдан үч-төрттөн, жалпы район боюнча 50 мергенчи жан-жаныбарларды коргоп келишерин билдирди.
«Биз чөө, карга, сагызган гана атабыз. Жаныбарларды коргойбуз. Былтыр жүздөн ашуун чөө атылып, алардын терилери комиссияга көргөзүлгөн. Бирок былтыркы февраль айынан бери чөөлөрдүн акчалары бериле элек. Ошол себептүү балдар чөө атууга көңүлдөнбөй баратышат. Ага карабай быйылкы жылы 150дөн ашык чөө атышты. Жылдан жылга чөөлөрдүн саны көбөйүп, жаратылышыбызга зыянын тийгизип жатат. Чөө атуу деле оңой эмес. Саз кечип, чытырман токойду аралап, суу кечип, аттан жыгылып, ачка-ток жүрүп атабыз. Ок-дары кымбат. Мамлекет тарабынан берилген сый акыларды эртерээк берип, эмгектерин баалап коюшса деген ойдобуз», - деди ал.
Мергенчилер союзунун дагы бир мүчөсү Жаныбек Куттукеевдин айтымында, мамлекет тарабынан карышкырга 6000, чөөгө 2000 сом каралган.
«Райондук акимчилик, мергенчилер союзу аракет кылып, мергенчилердин сый акыларын ала албай келе жатабыз. Башка райондордогу мергенчилер өз убагында эле алып жатышкан экен. Кочкор районунун мергенчилер союзунун мүчөлөрү былтыркы февраль айынан бери өткөргөн карышкыр, чөөлөргө сый акыны ала элекпиз. Жаратылышты коргоо министрлиги эмнегедир көңүл кош мамиле жасап келе жатат. Сый акыларды ала албагандан кийин мергенчилер чөө, карышкырга аңчылык кылгысы да келбей баратышат. Чөөлөрдүн саны арбып кетсе, жаратылышка абдан эле зыянын тийгизет», - деди ал.
Мергенчилер союзунун башка мүчөлөрү да ок-дары кымбат экенин, чөөлөрдүн саны барган сайын көбөйүп бара жатканын айтышты.
«Чөөлөрдүн саны көбөйсө, жаратылышка зыян. Канаттуулар, коён жана башка токойдогу майда жандыктар калбай калат. Биз өз ыктыярыбыз менен жаратылышыбызды коргоп, чөө, карышкыр сыяктуу жырткыч жандыктардын санын азайтуу иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Мамлекет тарабынан чөө, карышкырларга берилүүчү сый акылар өз убагында берилип турса болмок. Былтыртан бери атылган чөөлөрдү комиссияга көрсөтүп жүрөбүз. Бирок акы берилбегенден кийин көңүл келбей калат экен. Алыскы айылдан каражат коротуп, терилерди сасытып жүктөп келебиз. Бирок пайдасы жок. Чыгым гана тартып жатабыз», - дешти алар.