Turmush — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов Базар-Коргон РИИБдин жаңы башчысы, милициянын полковниги Тукеев Кубанычбек Токтобековичти өздүк курамга тааныштырып, кызматына ийгилик каалады.
Кубанычбек Тукеев буга чейин Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Буга чейин Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын майору Мавлянкулов Бактияр Байышбекович иштеп келген.