Turmush — Кара-Балта шаарында жумуртканын баасы жогорулады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Маалыматка караганда, мурда жумурткалар дүңүнөн сатылган соода түйүндөрүндө эң арзан жумуртканын 10 даанасы 108 сомго жакын турса, азыр анын баасы 114 сомго чейин өстү. Ошол эле учурда алар көп учурда сатыкта жок.
Сатуучулардын айтымында, жумуртканын башка категориялары да кымбаттады. Жалпы наркы болжол менен 20-30 сомго кымбаттады
Айрым соода түйүндөрүндө билдиришкендей, жеткирүүчүлөр баанын жогорулашын тооктордун тоютунун кымбатташы менен түшүндүрүшкөн. Баанын мындан ары өсөрү же өспөй турганы белгисиз.
Адатта жазында жумуртканын баасы арзандап калчу. Бирок быйыл тескери жагдай байкалууда.
Шаар тургундары арзан жумурткалар тез эле сатылып кетип, текчелерде кымбатыраактары калып жатканын да айтышууда.