Turmush — Ош шаарындагы «Келечек» базары көчүрүлгөндөн кийин базардын аймагындагы бош контейнерлер алынууда.
Маалыматка караганда, буга чейин соода жүргүзүлгөн контейнерлердин айрымдары демонтаждалып, айрымдары сатылып жатат. Учурда базардын аймагында көп контейнерлер бош калып, айрымдары таштандыга айланды.
Учурда базардын аймагында тазалоо жана контейнерлерди алып чыгуу иштери уланууда.
-------------------------------------------
Turmush Ош шаарындагы эски «Келечек» соода базары жабылып, соодагерлерди көчүрүү иштери башталганын жазган.
Соодагерлердин айтымында, «Келечек» базары жабылып, товарларын алууга да кире албай калышкан.
«Кечээ кечинде да кире албай кеткенбиз. Бүгүн да киргизбей жатышат. Товарларыбыз менен кошо контейнерлерди алып кетип жатышат. Каякка алып кетип жатканын билбейбиз», - деген соодагерлер.
Буга чейин соодагерлер жаңы дайындалган мэр менен да жолугуп, жаңы курулган базарда орундар сатылып жатканын, орундарды сатып алуу үчүн сентябрга чейин убакыт берүүнү суранышкан.
«Келечек» базары 2026-жылдын март айында жаңы базарга көчүрүлмөк. Буга чейин базардын соодагерлери көчүрүүгө каршылык билдирип, бир нече жолу акция өткөрүшкөн. Алар базарда 1200гө жакын адам соода кыларын, контейнерлер менен соода түйүндөрүн мыйзамдуу негизде ири суммага сатып алышканын жана тиешелүү документтери бар экенин билдиришкен.
Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Казыбай уулунун айтымында, эски базарда контейнерлерди кошкондо жалпысынан 1280 соода оруну бар болчу. Ал эми Б.Осмонов көчөсүндө курулуп жаткан жаңы базарда 1420 орун каралган.
«Жаңы базар заманбап талаптарга жооп берген, контейнерсиз соода борбор болуп салынууда. Инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, базарды толугу менен өздөрү куруп беришти. Мэрия тараптан акча каражаты жумшалган жок. Биз жерди жана тиешелүү документтерди гана камсыз кылдык.
"Келечек" базарына мурда төрт жолу эскертүү берилген. Көчүрүү мөөнөтү август айларынан октябрь-ноябрга, андан кийин жаңы жылдан кийин деп жылдырылган. Акыркы жолу соодагерлердин өтүнүчү менен 1-мартка чейин узартылып, эки тарап макулдашып сүйлөшкөнбүз. Бүгүн көчүрүү иштерин жургүзүп жатсак бизге каршылык көрсөтүп, нааразычылыктарын билдирип, Орозо айынан кийинки убакытка жылдырууну талап кылып жатышат«», - деген ал.
Ал 28-февралда түнү саат 00:00дө базар аймагындагы жолдор жабылып, суу жана электр энергиясы өчүрүлгөнүн белгиледи.
«1-мартта эртең менен саат 07:00дөн тарта келишимдин негизинде соодагерлер өз буюмдарын чыгара баштады. Ошондой эле мэрия соодагерлерге көмөк көрсөтүү максатында кран, экскаватор жана жүк ташуучу унааларды уюштуруп берген. Айрым соодагерлер жүктөрүн үйүнө, айрымдары жаңы базарга жеткирүүнү суранып жатышат. Ташуу иштерине шаардык бюджеттен каражат бөлүнүп, жол акы алынбай жатканы белгиленди. Айрым соодагерлер жүктөрүн жаңы базарга эмес, Каарман же Фуркат аймактарына жеткирүүнү суранышууда. Мындай учурда жол алыс болгондуктан күйүүчү майга гана акча алынууда. Муниципалдык унаалар жеке ишканалар менен салыштырмалуу арзан тариф менен иштеп жатат. Келишим боюнча, контейнерди ташыганына гана төлөнөт, ал эми ичиндеги товарларды жеткирип берүү акысыз.
Эски «Келечек» базары жайгашкан жер жеке менчик болуп эсептелет. Аймак толугу менен тазалангандан кийин ал жерге соода борбор же көп кабаттуу турак үй салынабы, ал жер ээсинин укугу», - деген Казыбай уулу.
---------------------------------------------------------------
Ош шаарындагы базарларды көчүрүү иши катуу селден кийин башталган.
2024-жылдын 14-июлунда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптаган. Селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.
Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Селдин кеспетинен 6 адам каза болгону болгон. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар — аял киши жана анын 3 кызы «Мөл-Булак» эс алуу жайында селге агып кеткен. Ошондой эле 1985-жылы туулган аял сууга агып кеткен. Дагы бир тургун Озгур айылында жүк ташыган унаанын алдында калып каза болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июль күнү Ош шаарына келип, борбордук базарга барды. Ал мындай сел 30 жылдан бери катталбаганын билдирген.