Turmush — Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Келте айылынын 32 жаштагы тургуну Айдай Мажиева эки ирет эгиз төрөп, учурда беш баланын апасы. Ал эгиздердин төрөлүшү, алардын өзгөчө ысымдары жана үчүнчү жолу боюна бүткөн эгиздерин ден соолугуна байланыштуу алдыртууга аргасыз болгон оор учуру тууралуу айтып берди.
«Мен 1994-жылы 9-декабрда Өзгөн районунун Жээренчи айылында төрөлгөм. Учурда ушул эле райондун Келте айылында жашайм. Бул айылга келин болуп келгем. Кесибим боюнча педагог-информатикмин. Азыркы учурда үйүбүздөгү бала бакчада кайненеме жардам берип иштейм.
2022-жылдын 19-майында биринчи эгиз кыздарымды төрөдүм. Аларга Жазмүрөк жана Жазчүрөк деп кайненем ат койгон. Жаз айында төрөлгөндүктөн, жүрөктөрү жаздай таза, мээримдүү болсун деген тилек менен ушундай ысымдарды тандаганбыз.
2024-жылдын 1-августунда экинчи эгиздерим жарык дүйнөгө келди. Аларга Эртөштүк жана Эркесулуу деген аттар коюлду. Бул ысымдарды да кайненем тандаган. Ал эпосторду көп окугандыктан, уулум баатыр болсун, анын жанында эркелеп карындашы жүрсүн деген ниет менен ушундай аттарды берген. Жолдошум экөөбүздүн тең туугандарыбыздын арасында эгиздер бар. Балким, ошондуктан бизде да эгиздер төрөлсө керек деп ойлойбуз.
Биринчи эгиздеримди өзүм төрөгөм. Салмактары 3 килограмм 130 грамм жана 2 килограмм 750 грамм болуп, 15 мүнөт аралык менен төрөлүшкөн. Экинчи эгиздерим кесарево жолу менен жарыкка келди. Алардын салмактары 3 килограмм 400 грамм жана 3 килограмм 100 грамм болду.
Эгиз экенин алгач УЗИден укканда жолдошум экөөбүз аябай сүйүнгөнбүз. Эч кимден жашырбай, баарына айтып жүргөнбүз. Анткени ар бир бала — Алланын белеги. Биринчи эгиздеримде гендер-пати уюштурулуп, туугандарга ар кандай белектер коюлуп, сынак өткөрүлгөн. Аны кайненем уюштурган. Экинчи эгиздеримде да гендер-патини кайнежем өткөрүп берген.
2025-жылы дагы бир жолу боюмда эгиз болуп калган. Бирок тилекке каршы, экинчи эгиздерим али 7 айлык болгондуктан жана ден соолугум толук калыбына келе элек болгондуктан, кош бойлуулукту токтотууга туура келди. Бул мен үчүн өтө оор жана эсте калган учур болду.
Азыр үй-бүлөбүздө 5 бала бар — эки уул жана үч кыз. Эгиздер бири-бирине анчейин окшош эмес болгондуктан, айырмалоо бизге кыйын эмес.
Акыркы жылдары балдарды багуу, үй-тиричилик менен убакыт абдан бат өтүп жатат. Эгиздерди чоңойтуу оңой эмес, бирок алардын күлкүсү бардык чарчоону унуттурат.
Келечекте жолдошум экөөбүздүн кыялыбыз — балдарыбызды татыктуу тарбиялап, эл-жер көрүп, дүйнө кыдыруу», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.