Turmush — Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында «Жыл мугалими 2026» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган айылдагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин директору Назира Саякбаеванын айтымында, сынак билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, чыгармачылык менен иштеп жаткан эң алдыңкы, таланттуу мугалимдерди аныктоо, аларга колдоо көрсөтүү жана сыйлоо, мугалимдик кесиптин баалуулугун арттыруу максатында жыл сайын март айында өткөрүлүп келет.
«Сынак биздин мектепте өткөрүлдү. Демөөрчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен камсыздап берди. Баш байгеси мектептин кесиптик бирлиги тарабынан берилет. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар ачык сабактарды өтүп, өздөрүнүн окутуу ыкмаларын, педагогикалык чеберчилигин жана чыгармачыл мамилесин көрсөтө алышты. Ар бир мугалим билим берүүдө жаңычыл ыкмаларды колдонуп, окуучулардын кызыгуусун арттырган кызыктуу сабактарды тартуулашты», - деди Саякбаева.
Жеңүүчүлөр:
- Баш байгени кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Амантөрөева ээлеп, Ысык-Көлгө жолдомо утуп алды;
- 1-орун — башталгыч класстын мугалими Нургиза Сатарбекова;
- 2-орун — англис тилчи мугалим Айгүл Акунсартова;
- 3-орун — көркөм өнөр жана технология мугалими Алтынай Шыгаева ээлеп, баалуу белектер менен сыйланышты;
Ошондой эле бардык катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.