Turmush — Адыл Сапаров Алай районунун акими кызматына киришти. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Сапаров Адыл Солтоевич Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалган.
Жаңы акимди бүгүн, 9-мартта Алай районунун активине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев тааныштырды.
Адыл Сапаров буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматында иштеген. Бул кызматынан 2025-жылдын июль айында бошотулган.
Буга чейин Алай районунун акими кызматында Чынгыз Бапаев иштеп жаткан.
Ал Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды.