Turmush — Алмазбек Полотов Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал 1985-жылы 7-июлда Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн. 2007-жылы Баткен мамлекеттик университетинин «Орус тили жана адабияты» адистиги боюнча адистикке ээ болгон.
Жаңы кызматка дайындалганга чейин 2024-жылдан баштап Сүлүктү шаарынын вице-мэри болуп иштеген.
Жаңы орун басар эмгек жамаатка бүгүн тааныштырылат.
Билими
- 2002-2007-жылдар — Баткен мамлекеттик университети, орус тили жана адабияты мугалими;
- 2012-2013-жылдар — Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу магистри;
- 2021-2025-жылдар — Баткен мамлекеттик университети, укук таануу.
Эмгек жолу:
| Жылдары: | Кызматы: | Иштеген жери: |
| 03.2006 – 09.2007 | Мугалим | А.Осмонов атындагы орто мектеби |
| 09.2007 – 03.2009 | Директордун тарбия иштери боюнча орун басары | А.Осмонов атындагы орто мектеби |
| 03.2009 – 08.2009 | I категориядагы адис | Баткен районунун дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты бөлүмү |
| 08.2009 – 12.2009 | Социалдык өнүгүү боюнча башкы адис м.а. | Баткен районунун мамлекеттик администрациясы |
| 12.2009 – 02.2010 | Социалдык өнүгүү боюнча башкы адис | Баткен районунун мамлекеттик администрациясы |
| 02.2010 – 02.2012 | Магистрант | Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы |
| 02.2012 – 01.2013 | Социалдык өнүгүү боюнча башкы адис | Баткен районунун мамлекеттик администрациясы |
| 01.2013 – 08.2014 | Социалдык өнүгүү боюнча башкы адис | Баткен районунун мамлекеттик администрациясы |
| 08.2014 – 06.2020 | Укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун уюштуруу-инспектордук иш жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси | КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты |
| 06.2020 – 11.2020 | Адис | КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун "Аукцион борбору" ММ |
| 11.2020 – 01.2021 | Жетекчи адис | КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун "Аукцион борбору" ММ |
| 01.2021 – 02.2022 | Эсепке алуу жана реестр башкармалыгынын башкы адиси | КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
| 02.2022 – 06.2023 | Эсепке алуу жана реестр башкармалыгынын башкы адиси | КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
| 06.2023 – 06.2024 | Эсепке алуу жана реестр башкармалыгынын жетекчи адиси | КРнын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги |
| 06.2024 – 09.2024 | Региондор менен иштөө жана мамлекеттик мүлктү реестрге алуу башкармалыгынын жетекчи адиси | КРнын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги |
| 09.2024-жылдан тарта | Сүлүктү шаарынын мэриясынын орун басары | Сүлүктү шаарынын мэриясы |