Turmush — Жумгал районунда «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын жана «Манас» айтуу сынактарынын райондук туру өткөрүлдү.
Маалым болгондой, сынак райондун Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык-Акыев атындагы жалпы билим берүү мектебинде башталды. Ага район боюнча жалпы 20 тайпа, 21 жаш манасчы катышты. Сынакка «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков, «Көйкашка» манасчылар фондунун төрагасы Улукмырза Эркинбеков, манасчы Калыбек уулу Нурбек, жаш манасчылар Узарбек Анарбеков, Мирлан уулу Уларбек жана коомдук ишмер Жанара Муратова калыстык кылышты.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орун — Калык Акыев мектебинин «Каныкей» тайпасы.
- 2-орун — Султан Турусбеков мектебинин «Каныкей» тайпасы
- 3-орун — Калык Акыев мектебинин «Манас» тайпасы.
- 3-орун — Айып Идинов мектебинин «Каныкей мурасы» тайпасы.
- Орус тилдүү мектептерден Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы мектептин «Аруузат» командасы 1-орунга ээ болду.
«Манас» айтуу сынагы боюнча жыйынтык:
- 1-орун — Касымбек уулу Мамбеталы мектебинин окуучусу Тынчтыкбеков Ариет,
- 2-орун — Исакбек Орозалиев мектебинин окуучусу Сорокинов Байэл,
- 2-орун — Калык Акыев мектебинин окуучусу Сражидинова Айгерим,
- 3-орун — Калык Акыев мектебинин окуучусу Кыдырбекова Нуркыз,
- 3-орун — Калык Акыев мектебинин окуучусу Батырбекова Амина,
- 3-орун — Мыскал Өмүрканова мектебинин окуучусу Тамчыбеков Эрбол,
- 3-орун — Жусуп Сары уулу мектебинин окуучусу Эмилбекова Азиза орундарга ээ болушуп, сынактын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.
Мындан тышкары жеңүүчү болгон 30 окуучуга Жумгал райондук мамлекеттик кинодирекциясы акысыз кыргыз тасмаларын көрүүгө сертификат тапшырды. Калык Акыев мектебинин кыргыз тили мугалими Гүлзат Үсөналиева жеңүүчү тайпаларга 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды.
Сынакты өткөрүүгө мыкты даярдык көргөнү үчүн билим берүү бөлүмү жана Калык Акыев мектебинин жамааты «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбековичтин ыраазычылык катына татыктуу болушуп, бир катар белектерге ээ болушту.