Turmush — Кечээ 8-мартта түндө Кадамжай районунун Жаш-Тилек айылында жол кырсык катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Маалыматка караганда, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 182-чакырымында бара жаткан жеңил унаа жолго чыккан жылкыны коюп кеткен. Кырсыктан жаракат алгандар жок.
Аталган аймактын эгин талаасында айдоо малдар көп болгондуктан түнкүсүн кароосуз калып, жол кырсыгына себеп болгон учурлар катталат.