Turmush — Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаш жигитти ур-токмокко алып, унаасын тартып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 4-мартында түндө Бакай-Ата районунда болжол менен онго жакын бала автоунаа айдап бара жаткан 2005-жылы туулган Э.Д.ны тосуп, уруп-сабап, автоунаа каражатын укук ченемсиз ээлеп алышкан.
Бул факты 2026-жылдын 5-март күнү Бакай-Ата РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине тиешелүү Бакай-Ата районунун 2009-жылы туулган 6 тургуну аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы тандалып, 21-мартка чейин камакта калтырылды.
Бүгүнкү күндө жабырлануучу — 2005-жылы туулган Э.Д.га карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусу күтүлүүдө.