Turmush — Ош шаарында жалгыз жүргөн баланын өздүгү такталды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 8-март күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде белгисиз болгон баланын өздүгү такталып, ал 2018-жылы туулган М.А. жана анын атасы Ош шаарынын М.Б. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Милиция кызматкерлери тарабынан атасына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бала кошулуп берилди.
2026-жылдын 7-март күнү саат 18:00 чамасында Ош ШИИБдин кызматкерлери Ош шаарындагы Навои эс алуу паркында болжол менен 5-6 жаштагы эркек бала жалгыз жүргөндүгүн байкашкан. Бала өздүгүн тактоо үчүн Ош ОИИБдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген.
Баланын кулагы укпайт жана сүйлөй албайт. Буга байланыштуу милиция баланын ата-энесин табууга коомчулуктан жардам сураган.