Turmush — Сүлүктү шаарында 44 турак жай жер көчкү корнучунда турат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусуна ылайык, шаар аймагындагы жер көчкү жана сел коркунучу бар аймактар аныкталган. Атап айтканда, Мамбетов, Шахтерская, Макаевка жана Жураев көчөлөрүнүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүү зарылдыгы бар.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жогоруда аталган көчөлөрдүн жашоочуларына эскертүү кагаздары таратылды.