Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылынын тургуну Зубайыр Абдукахаров үй-бүлөсү менен декоративдүү гүлдөрдү, дарактарды өстүрүү менен алектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы Кыргызстандын «жашыл экономикасын» өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан багбанчы үй-бүлөдөн кабар алды.
Багбандын күнөсканасында үйдү, короону, бакчаны, сейил бактарды, көчөлөрдү кооздоого жана көрктөндүрүү үчүн тигилген гүлдөрдүн түрү бар. Ошондой эле экинчи күнөсканасынан түрдүү дарак көчөттөрүн көрүүгө болот.
Абдукахаровдун үй-бүлөсү 2003-жылдан бери багбанчылык менен алектенишет. Атасы алгач Ысык-Көлдөн карагай (голубая ель) дарагынын жаш көчөттөрүн районго алып келип, сатып көргөн. Адегенде көчөтү менен алектенип, анан уруктан өстүрүүнү колго алган. Кооздук берген бул даракка 10 жыл мурдагыга караганда учурда элдин суроо-талабы күч. Негизинен көчөт сатуучулар дүң баада алып кетишет. Ал эми декоративдик гүлдөр, дарактар үчүн 3 жыл мурда атайын күнөскана курушкан.
«Мен атамдын жолун улап келе жатам. Биз эс тарткандан бери эле көчөт менен алектенип келе жатабыз. Атам көп жыл "голубой ель" көчөтү менен алектенип, акырын башка дарактар да кошулган. Биздин айылдагы жердин топурагы кара топурактуу болгонун эске алып, 3 жыл мурда 3 гектар жерге күнөскана курдук. Топурак эң негизги ролдо турат. Албетте, чириндилер кошулат дегендей.
Азыркы тапта күнөсканада декоративдүү гүлдөрдүн, дарактардын 80дей түрү бар. Мисалы, япон сиренинин 2-3 түрү, розанын 4-5 түрү бар, бири Италиядан алынган. Өзбекстандан чыккан розалар, гортензиянын 5-6 түрү, Моңголиядан алып келинген магнолиянын 2 түрү, пиондун түрү бар. Мындан сырткары башка да гүлдөр өстүрүлөт. Пальма дарагын алгандар да эске алынган. Быйыл жаңы гүлдөр менен толукталды. Негизинен көчөттөрүн алдырабыз.
Өзүбүз биринчи көчөттөрдү багып, карап, биздин шартка ылайыкташкандан кийин сатууга чыгарабыз. Сатылган көчөт көктөбөй калып, бизге нааразы болгондор болбошу үчүн акыркы жылдары эл да короолорду кооздоого басым жасап калышты. Мурда биз алдырган гүлдөр, дарактар сейил бактарга, көчө жээктерине алынып кооздолсо, азыр жеке үйлөргө алгандар басымдуу», - дейт ал.
Күнөсканадагы көчөттөрдүн арасында Италиядан, Польшадан, Кытайдан, Өзбекстандан алынып келгендери бар. Багбанчынын айтымында, сырттан алынган дарактардын баары эле көктөп кете бербейт.
«Польшадан алып келген туялар таптакыр өспөй койду. Демек жер шартыбызга туура келбейт. Кытайдан алынган балатылар да жакшы көктөбөдү. Бул бизге тажрыйба. Биздин климатка туура келгендер элге таратылат. Быйыл биринчи жолу айрым декоративдик гүлдөрдүн көчөттөрүн тигип көрдүк, көктөшүн күтүп жатабыз. Булардын да сууну жакшы көргөнү бар, жактырбаганы бар. Өз убагында суу куюп, өз убагында витаминдерин берсе, көчөт да жакшы көктөйт. Көчөттү көргөндө эле карамдуулугу кандай болгонун түшүнөсүң. Эл дарактардын жалбырагынын куураганына маани беришпейт. Жалбырак өзүнө жабышып кургаганы астындагы тамыр толук албаган же суусу нормада эмес болот. Жалбырагы үзүлүп саргайганы норма болот», - дейт ал.
Кооздук берген гүлдөрдүн баасы 150 сомдон башталып, сирендер 70 миң сомго чейин барат.
Багбанчылардын короосунда карагай, туя, Тян-Шань дарактарынын да көттөрү бар.