Turmush — Дубайга эс алууга кызы менен кеткен 31 жаштагы Нуржанат Тентиева 4 күндөн бери мекенге кайта албай жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.
Анын айтымында, ал жактагы балалуу аялдар кыйналып жатат.
«Биз кете албай жаткан кыргызстандыктар WhatsApp группа түздүк. Ал жерде кеминде эле 500 киши бар. Жергиликтүү эл бул согуш жакында тынчыбайт окшойт деп кооптонуп жатышат. Андыктан айрым мекендештер эч ойлонбостон мекенге кайтууну чечишти.
А биз кызым экөөбүз тур аркылуу эс алууга барганбыз. 4 күн мурун турубуз бүткөн. Бирок биз ошол 4 күндөн бери кете албай жүрөбүз. Бизди алып барган турагент дагы өтө жоопкерсиз мамиле кылып жатат.
Мейманкага 3 күнгө жатканга уруксат беришкен. Ал убакыт да бүттү. Бүгүн, 3-март күнү айрым мекендештерди мамлекетибиздин жардамы менен алып кетишет деп уктук. А бизге 6-мартка билет берип жатышат. А бирок балалуу энелерди биринчи каттамдар менен кетиришсе жакшы болмок. Бул жакта балалуу энелер кыйналып жатабыз», - деди ал.
Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калган кыргызстандыктарды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатканын маалымдады.
«Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик. Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет», - деди ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу.
Анын айтымында, биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алынып келет.
28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран тарап АКШнын Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан аскер базаларына чабуул уюштурган.