Turmush — Кара-Балта шаарынын Жайыл баатыр көчөсүндө «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнө дарак кулады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 3-мартта саат 13:00 чамасында болгон. Дарак тамырынан сынып, унаанын үстүнө кулаган.
Кырсыктын кесепетинен автоунаа зыянга учурады. Жабыркагандар жок.