Turmush — Ак-Талаа районунда Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Адина Эркинбекованын айтымында, саамалыкка район жетекчилиги баштаган бир катар райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Андан соң салтанаттуу иш-чара райондук Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө уланып, анда Туунун кабыл алынган тарыхы, анын чечмелениши тууралуу жана Ак калпактын тарыхы боюнча баяндама жасалды.
Ошондой эле маданият үйүнүн өнөрпоздору, окуучулар тарабынан концерттик программа тартууланды.
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак күнү расмий эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган болчу.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б.Жайчибеков, С.Иптаров, Ж.Матаев жана М.Сыдыков.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 22-декабрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин — тууну жакшыртуу максатын көздөйт. Бул мыйзам менен туудагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.